Ишенимдүү төлөм

Ишенимдүү төлөм

Балансты заматта *105# буйрутмасы менен толтуруу!

Эгер балансыңыз нөлгө жакындап калса, cиз аны 25, 50, 75 же 100 сомго "Ишенимдүү төлөм" кызматынын жардамы аркылуу толтура аласыз. 

Балансыңызга заматта 25, 50, 75 же 100 сом эсептелет, ал зарыл чалууларды жасоого же башка кызматтарды колдонууга мүмкүндүк берет.

Ишенимдүү төлөм алуу үчүн: 105#
Толук маалымат
  • "Ишенимдүү төлөм" алуу мүмкүндүгү жана анын көлөмү сиздин активдүүлүккө (мобилдик байланышка чыгымдар, балансты толтуруу) жана түйүн ичинде тейленген мөөнөткө жараша болот;
  • 1 ден ашык эмес Ишенимдүү төлөмдү бир гана жолу алууга болот. Ишенимдүү төлөмдү кайталап алуу учурдагы толөмдү  толугу менен жойгондон кийин гана мүмкүн;
  • "Ишенимдүү төлөмдү" алуу баланстын каалаган абалында болот;
  • "Ишенимдүү төлөм" баланска заматта келип түшөт. Мында мурунку Ишенимдүү төлөмдөр жана Автотөлөмдөр жоюлган болушу керек;
  • Алынган акча каражаттарды тарифтик пландын чегинде берилүүчү кызматтардын бардык түрлөрү үчүн колдонууга болот;
  • «Ишенимдүү төлөм» кызматы боюнча алынган акча каражаттарын «О!Деньги»* мобилдик капчыгынын алкагында коротууга болбойт.
  • Балансты толтургандан кийин Ишенимдүү төлөмдү жоюу үчүн сиздин баланстан алынган төлөмдүн 25, 50, 75 же 100 сом өлчөмүндө жана кызматтын баасы тиешелүүлүгүнө жараша 5, 10, 15 же 20 сом алынат;
  • Эгер Сиз балансты алынган төлөмдөн аз суммага толтурсаңыз, толтурулган бардык сумма Ишенимдүү төлөмдү жоюу үчүн төлөмдүн бөлүгү катары алынат;
  • Кызматтын иштөө мөөнөтү – төлөм алынган учурдан тартып 3 күн. Эгер сиз Ишенимдүү төлөмдү 3 күндүн ичинде колдонбосоңуз, анда кызмат аркылуу алынган сумма сиздин баланстан Ишенимдүү төлөмдү жоюу катарында алынат;
  • Ишенимдүү төлөмдү  кошулган "Автотөлөм" кызматында жана  роумингде мүмкүн эмес;
  • Тарифтик планды төмөндө көрсөтүлгөн тарифтик пландардын каалаганына которгондо, кызмат өз иштөөсүн сактап калат;
  • Кыргыз Республикасынын бүт аймактарында «30/60/90/360  күнгө Пайдалуу Чексиз 4G 30/60/90/360», «Бир жылга Интернет жана ТВ», «Алга Интернет», «Интернет 40 ГБ», «Үйгө интернет», «Интернет+», «Алга Интернет + O!TV» тарифтеринде тейленген абоненттеринен тышкары алдын ала төлөм жана төлөмдөн кийинки (өздүк эсеп) тейлөө тутумундагы бардык абоненттерге"Ишенимдүү төлөм" алуу мүмкүн.

Ишенимдүү төлөм

(бардык салыктарды эске алуу менен)

Кызмат үчүн акы

(КНС кошуп, ССсыз)

Кошуу буйрутмасы

25 сом

5 сом

*105*25#

50 сом

10 сом

*105*50#

75 сом

15 сом

*105*75#

100 сом

20 сом

*105*100#


«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: № 2021030817, 3022030817.