Менин жаңы номерим

Менин жаңы номерим

Эми колдонуп жаткан телефон номерди жаңы номерге алмаштыруу оңой жана жеңил!

Сиз каалаган номердин бар экендигин кантип текшерсе болот?

1.   Номерди текшерүү үчүн *212*0X0YAAAAAA# буйрутмасын терүү жетиштүү болот, буйрутмадагы Х тамгасы – оператордун кодунун биринчи саны (5 же 7), Y тамгасы – оператордун кодунун акыркы саны, AAAAAA – алты сандык форматтагы текшерилип жаткан номер.
2.   Ошондой эле, сиз каалаган номердин бош экендигин, анын категориясын жана баасын төмөндө көрсөтүлгөн форма аркылуу дагы текшере аласыз. Жөн гана каалаган номериңизди көрсөтүңүз жана «Текшерүү» баскычын басыңыз:



Премиалдык номерлердин баасы:
    • Standart – 25 сом
    • Silver –  150 сом (50% арзандатуу менен 01.10.2021 чейин)
    • Gold –  900 сом (50% арзандатуу менен 01.10.2021 чейин)
    • VIP –  2000 сом (50% арзандатуу менен 01.10.2021 чейин)
    • Platinum 50 - 15 000 сомов
    • Platinum 100 - 15 000 сомов
    • Platinum 150 - 15 000 сомов
    • Platinum 200 - 25 000 сомов
    • Platinum 250 - 30 000 сомов
    • Platinum 300 - 150 000 сомов.

    Учурдагы тарифти жаңы тарифке кантип алмаштырса болот?

    Эгер сиз каалаган номер бош болсо, анда аны алуу үчүн алгач алмаштыргыңыз келген номердин категориясына туура келген же андан ашыгыраак суммага балансын толуктаңыз, андан кийин сиз каалаган номер он сандык форматта көрсөтүлгөн *717*каалаган номер# буйрутмасын териңиз. Мисалы, сиз 0700 123456 номерин кааласаңыз, анда *717*0700123456# буйрутмасын терип алыңыз.

    Мындан тышкары, сиз Platinum категориясындагы номерлердин эң кооз жана сейрек комбинацияларын онлайн-аукционунун vipnomer.o.kg сайтынан таба аласыз.

    Кызмат тууралуу кененирээк маалымат:

    - «Менин жаңы номерим» кызматы корпоративдик тарифтик сунуштардын абоненттери үчүн жеткиликсиз.

    - Бир суткада номерди алмаштыруунун минималдык саны — 2 ийгиликтүү алмашуу.

    - Сиздин номериңизди (Standart, VIP, Gold, Silver, Platinum) башка каалаган номерге алмаштыргандан кийин 30 күндүн ичинде сиз гана кайтара аласыз. Кайтаруу суммасы сиздин премиум номерди сатып алган баага туура келет.

    - Номерди алмаштыруу үчүн 0500, 0501, 0502, 0504, 0505, 0507, 0508, 0509, 0700, 0702, 0703, 0704, 0705, 0706, 0707, 0708, 0709 префикстери жеткиликтүү. 0503, 0506 жана 0701 префикстери «Менин жаңы номерим» кызматынын алкагында номерди алмаштыруу үчүн жеткиликтүү эмес.

    - Телефон номерди тандоо «НУР Телеком» ЖЧК кардарлары тарабынан нумерациялык планга ылайык «Менин жаңы номерим» кызматы үчүн ачылган префикстердин алкагында номерлердин маалымат базасында болгон номерлердин арасынан жүргүзүлөт.

    -705 (түз номер) префикси менен номерди тандаган учурда бардык стационардык номерлерден келген кирүүчү чалуулар КНС эске алынуу менен мүнөтүнө 5,99 сом менен тарифтештирилет. Тарифтештирүү кадамы – 10 секунда.