Сенин нөлүң плюс (20/30 күн)

smart1000-v-podarok.jpg

Сенин нөлүң плюс (20/30 күн)

Чексиз интернет жана О! түйүн ичинде акысыз баарлашуу + «Коңгуроо» кызматы менен кадимки гудоктун ордуна сүйүктүү обондор жана тамашалар!
Кызматтын иштөөсүн 30 күнгө узартуу баасы - 195 сом.
Кызматтын иштөөсүн 20 күнгө узартуу баасы - 170 сом.

08.05.2017 тартып «Сенин нөлүң плюс» кызматын кошууга мүмкүн эмес.

Кызматты өчүрүү -   0000#
Кызматтын абалын билүү - 0009#

06.07.2023-жылдан 06.10.2023-жылга чейин (камтуу менен) тарифтин топтомдорунун алкагында, абоненттик төлөм алынган ар бир учурдан тарта бардык абоненттерге Кыргызстандын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуулар үчүн кошумча мүнөттөр жеткиликтүү болот: 30 күнгө узарткан учурда 15 мүнөт же 21 күнгө узарткан учурда 20 мүнөт!

Кызмат боюнча толук маалымат:

  • Кызматты активдештирүү «Эң биринчи!», «ОК!», «Оңой!», «Сонун» тарифтик планындагы абоненттер үчүн жеткиликтүү.
  • «Сенин нөлүң плюс» кызматын кошкондо – «Коңгуроо» кызматы акысыз негизде автоматтык түрдө кошулат. «Коңгуроо» кызматы жөнүндө» кенен маалымат бул жерде;
  • Кызматты 30 күнгө кошуу баасы – 180 сом;
  • Суткасына алгачкы 300 Мб мобилдик интернет мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Кызматтын чегиндеги жогорку ылдамдыктагы суткалык интернет-топтомдон ашкан учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • Жогорку ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, кызматтын чегинде, «Турбокнопка 200 Мб»  жана «Турбокнопка 500 Мб» кызматтарын кошуу жеткиликтүү, алар мобилдик интенртетти учурдагы сутка аяктаганга чейин жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматтарды кошуу баасы:

«Турбокнопка 200 Мб» – 10 сом; 

«Турбокнопка 500 Мб» – 20 сом. 

«Турбокнопка» кызматтарын «Жеке кабинеттеги» интерфейсте, WEB-интерфейстин жардамы аркылуу же  төмөнкү USSD-буйрутмалары менен кошууга болот:

«Турбокнопка 200 Мб»: *735*100#

«Турбокнопка 500 Мб»:  *735*500#

  • «Сенин нөлүң плюс» кызматын кошкондо, абоненттик төлөмдү акыркы жолу алгандан кийин 48 саат өткөндө кызматты кайрадан кошууга болот.  Мында абоненттик төлөм толук көлөмдө алынат жана кызматтын иштөөсү кайра кошкондон кийин 30 күнгө узартылат.
  • «Сенин нөлүң плюс» кызматынын иштеши автоматтык түрдө узартылат. «Сенин нөлүң плюс» кызматынын кийинки 30 же 20 күнгө активдештирүү үчүн абоненттин эсебинен абоненттик төлөм алынат.
  • Кызматтын иштөөсүн 30 күнгө узартуу баасы - 180 сом.
  • Кызматтын иштөөсүн 20 күнгө узартуу баасы - 150 сом;
  • Кызматтын иштөөсүн автоматтык түрдө кезекте узартуу учурунда кызматтын иштөөсүн 30 күнгө узартуу үчүн  195 сом же 20 күнгө узартуу үчүн  170 сом же өлчөмүндө  керектүү жок болсо, «Сенин нөлүң плюс» кызматынын иштеши токтойт. Качан гана абоненттин эсебинде 170 сом же 195 сом көлөмүндө керектүү сумма пайда болгондо, абоненттин эсебинен тийиштүү мезгилге кызматтын иштөөсү үчүн төлөм автоматтык түрдө алынат.
  • «Сенин нөлүң плюс» кызматы иштеп жаткан учурда  «Smart 300»,  «Smart 1000», «Smart Unlim», «Smart 300 белекке»,  «Smart 1000 белекке», «Smart Unlim белекке» кызматтарын кошууга болот. Эгер жогоруда аталган кызматтардын бири кошулса, «Сенин нөлүң плюс» кызматынын иштөөсү автоматтык түрдө токтойт.
  • «Сенин нөлүң плюс» кызматы иштеп жатканда, «Сенин күнүмдүк нөлүң «, «Сенин нөлүң 3, 6, 12!»,  «ОК!» тарифтик планында 7 күн акысыз чалуулар жана SMS», «Оптима», «Супер нөл!», «Сенин чексиздигиң»,   «5+5», «Сенин нөлүң!» (7 күн) жана «Сенин нөлүң белекке!»  кызматтарын «Сенин нөлүң плюс» кызматын өчүрмөйүнчө кошууга мүмкүн эмес.
  • «Сенин күнүмдүк нөлүң!»,  «Сенин нөлүң 3,6,12!»,  «ОК!» тарифтик планында 7 күн акысыз чалуулар жана SMS», «Оптима», «Супер нөл!», «Сенин чексиздигиң», «5+5», «Сенин нөлүң!» (7 күн) жана «Сенин нөлүң белекке!»  кызматтары иштеп жатканда, «Сенин нөлүң плюс» кызматын кошууга болот. Кошкондон кийин тарифтештирүү «Сенин нөлүң плюс» кызматынын шарттарына жараша жүргүзүлөт.
  • «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «Smart Unlim белекке», «Сенин нөлүң!» (30 күнгө) кызматтары иштеп жатканда, «Сенин нөлүң плюс» кызматын жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды өчүрмөйүнчө мүмкүн эмес.
  • «Жөнөкөй» акциясынын шарттары иштеп жатканда, «Сенин нөлүң плюс» кызматын кошууга болот. Кошкондон кийин тарифтештирүү «Сенин нөлүң плюс» кызматынын шарттарына жараша жүргүзүлөт.
  • Абонент ТПны «Сенин нөлүң плюс» кызматына, «Эң биринчи», «ОК!»,«Сонун!», «Оңой!» ТПга алмаштырганда, «Сенин нөлүң плюс» кызматы өчпөйт. 
  • Эгер Сиз кызматты 90 календардык күндүн ичинде колдонбосоңуз, балансты толтурганда абоненттик төлөмдү күтулбөгөн жерден алуунун алдын алуу үчүн кызмат 91-күндөн тартып автоматтык түрдө өчүрүлөт. Сизге алдын ала тийиштүү SMS-билдирүү келет. 
  • Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү. 
Кызматты кошуу - *000#
Кызматты өчүрүү - *000*0#
Кызмат абалын текшерүү - *000*9# 
«Коңгуроо» кызматынын чегинде обондорду сатып алуу - *800*обондун коду#
Обондун кодун Сиз rbt.o.kg. сайтынан биле аласыз
«Коңгуроо» кызматын өчүрүү - *800*0#
Кызмат абалын текшерүү жана «Жеке тизмеден» обондордун тизмесин алуу *800*9# 

  • «Сенин нөлүң!» кызматынын абоненттери *000# буйрутмасын тергенде учурда иштеп жаткан кызмат 100 сомго 30 күнгө кайрадан кошулат. 
  • Кызматтынн чегинде О! түйүнүндө жеңилдктилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS абоненттин балансында 10 сомго барабар же андан көп сумма бар болгондо жеткиликтүү жана суткасына төмөнкү көлөмдө берилет:
О! түйүнүндө добуштук чалуулар 17:00:00 дөн 23:59:59 чейин – 40 мүнөт (бардык чалуулардын  суммардык көлөмү)
О! түйүнүндө добуштук чалуулар 00:00:00 дөн  16:59:59 чейин – 140 мүнөт (бардык чалуулардын  суммардык көлөмү)
О! түйүнүндө SMS жөнөтүү 17:00:00 дөн 23:59:59 чейин – 20 билдирүү
О! түйүнүндө SMS жөнөтүү 00:00:00 дөн 16:59:59 чейин – 180 билдирүү

Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган кызматтарды тарифтештирүү абонент тейленип жаткан тарифтик пландын шарттарына жараша ишке ашырылат.