O! Safe Kids

O!SafeKids-940x250.png

O! Safe Kids

Балдарынызды интернет эмес, Сиз тарбиялоону каалайсызбы?

O! Safe Kids тиркемесин орнотуп алыңыз.

О! Safe Kids – сиздин балаңызды интернетте ишенимдүү коргоо!

О! Мобилдик оператору сиздин балаңызды виртуалдык жана реалдуу дүйнөдө коргой турган инновациялык кызматын сунуштайт.

Сиздин балдарыңыз сиз жанында болбогон кезде дагы ишенимдүү коргоонун алдында.

О! Safe Kids тиркемесинин жардамы менен сиз төмөнкүлөрдү аткара аласыз:

  • Кооптуу сайттарды, контентти, ошондой эле чоңдор үчүн сүрөттөрдү бөгөттөө жана интернетте коопсуз издөөнү камсыздоо;
  • Тиркемелерди пайдалануусун көзөмөлдөө;
  • Баланын турган жерин онлайн-картадан аныктоо;
  • Таштап кетпөөсү керек болгон коопсуз периметрди белгилөө;
  • Баланын түзүлүшүндөгү батареянын зарядынын деңгээлин байкоо;
  • Түзүлүштөрдү расписание менен пайдалануунун убактысын көзөмөлдөө;
  • Баланын интернеттеги активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү;
  • Балаңыздын аракеттери тууралуу дароо билдирүүлөрдү алуу;
  • Ал гана эмес балаңыздын, ошондой эле анын жаңы досторунун Facebook жана Vkontakte тармактарындагы анын жазгандарына да байкоо жүргүзүү.

1. Тиркеме эң популярдуу Android, iOS, Windows жана Mac платформаларында иштейт.

2. Кызмат менен portal.safekids.kg сайтынан пайдалана баштаса болот.

3. Мобилдик түзүлүштөр үчүн сиз тиркемени Google Play же AppStore платформаларынан жүктөп алсаңыз болот.

4. Стационардык компьютер же ноутбук үчүн сиз орнотуучу файлды бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Кызматты 2341# буйрутмасын терүү менен активдештирсе болот.

Башкаруу буйрутмалары:
    30 күнгө O! Safe Kids сервисин кошуп алуу: *234*1#

    365 күнгө O! Safe Kids сервисин кошуп алуу: *234*2#

    Кызматты өчүрүү: *234*0#

    Тиркемени орнотууга шилтемени жана аны колдонуунун нускамасын алуу: *234*5#

    Кызматтын абалын текшерүү: *234# и *234*9#

    Кызмат боюнча маалымат алуу: *234*8#


Компаниянын башка тарифтеринде O! Safe Kids сервисти кантип өзүнчө кошуп алууга болот:
    Компаниянын O! Safe Kids кызматы каралбаган тарифтеринде тейленген учурда сервисти өзүнчө кошуп алууга болот:

  • Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы 100 сом);
  • Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).
30 күнгө абоненттик төлөм – 100 сом, 365 күнгө – 900 сом. КНС эске алуу менен, СС кошулбастан.

Кызматты көрсөтүүнүн кененирээк шарттары:

  • Тиркеме ата-эненин жана баланын түзүлүштөрүндө бирдей убакта орнотулат. Ата-эненин аккаунтунун алдында балдардын 100гө чейин түзүлүштөрүнк кошууга болот. Төлөм O! Safe Kids тиркемеси кошулган бир гана аккаунт үчүн жүргүзүлөт
  • «O! Safe Kids 30» жана «O! Safe Kids 365» тиркемелери «30/60/90/360 күнгө Пайдалуу Чексиздик 4G», «Интернет жана ТВ бир жылга», «Алга Интернет», «Интернет 40 ГБ», «Үйгө Интернет», «Интернет+», «Алга Интернет + O!TV» тарифтеринде тейленген абоненттерден тышкары Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жеткиликтүү;
  • Абоненттин балансында кызмат үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн жеткиликтүү сумма болгон учурда «O! Safe Kids 30» жана «O! Safe Kids 365» кызматтарын кошуп алуу мүмкүн;
  • «O! Safe Kids 30» жана «O! Safe Kids 365» кызматтарын кошуу жана көрсөтүү тарифтик пландын кандай абалда экендигине карабастан ишке ашырылат (активдүү режим же күтүү режими).
  • «O! Safe Kids 30» кызматын активдештиргенде 30 календарлык күнгө акысыз бериле турган «O! Safe Kids 30» кызматынын акысыз мөөнөт автоматтык түрдө кошулат, 31-күндөн баштап «O! Safe Kids 30» кызматы стандарттык шарттарда көрсөтүлөт. Акысыз мөөнөт биринчи жолу кошулганда гана бир жолу көрсөтүлөт;
  • Акысыз мөөнөт учурунда «O! Safe Kids 30» сервисинин алкагында «O! Safe Kids 30» кызматын кошуу мүмкүн эмес,бирок «O! Safe Kids 365» кызматын кошуп алуу мүмкүн;
  • «O! Safe Kids 365» сервиси иштеп жаткан учурда «O! Safe Kids 30» сервисин кошуу мүмкүн эмес;
  • «O! Safe Kids 30» жана «O! Safe Kids 365» кызматтары иштеп жаткан учурда абоненттин тарифи «O! Safe Kids 30» кызматынын шарттарынын акысыз таасири каралган башка тарифке алмаштырылганда, мурун кошулган «O! Safe Kids 30» жана «O! Safe Kids 365» кызматтарынын шарттары өчүрүлөт, мында баланын профилинин бардык ырастоолору сакталат жана ата-энеге көрсөтүлүүсү улантылат;
  • O! Safe Kids кызматынын тарифтери акысыз* көрсөтүлө турган тарифтеринин бирине которулган учурда, кызматтын мурун ырасталган шарттары жана профилдердин ырастоолору сакталат;
  • O! Safe Kids кызматынын шарттарын көрсөтүү каралбаган тарифке которулган учурда, кызматтын сервистеринин бардык шарттары өчүрүлөт, мында баланын профилинин бардык ырастоолору сакталат;