Суперхайп

Суперхайп

Соцтармактарда жана мессенжерлерде чексиз отура берсеңиз болот!

Cүйүктүү соцтармактар менен мессенжерлерге 200 ГБ жумасына болгону 75 сомго же 4 жумага 150 сомго! 

  • Instagram
  • Facebook
  • WhatsApp
  • Telegram
  • ВКонтакте
  • Одноклассники
Акцияга кошулуу «Переходи на О!» популярдуу тарифтердин линейкасында *200# буйрутмасы менен жеткиликтүү.

"СУПЕРХАЙП" акциясынын шарттары:
    Башкаруу буйрутмалары:

    • Акциянын статусун текшерүү: *200*9#
    • «СУПЕРХАЙП» Акциясын өчүрүү: *200*0#
«СУПЕРХАЙП» акциясынын шарттары:

  • «СУПЕРХАЙП» Акциясына кошулуу «Переходи на О!» тарифтер топтомунун кѳбүндѳ тариф үчүн абоненттик төлөм төлөнгөн шартта гана жеткиликтүү;
  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
  • 200 ГБ интернет-трафик акциянын алкагында Instagram, Facebook, ВКонтакте, WhatsApp, Telegram жана Одноклассники тиркемелерин же сервистердин веб-сайттарын колдонуу үчүн гана көрсөтүлөт;
  • Акция жүрүп жаткан учурда абонент тейленип жаткан негизги тарифтин же башка кызматтардын алкагында интернет-трафикти колдонуу (сарптоо) мүмкүн:
    - WhatsApp добуштук жана видеочакырууларды жүргүзгөндө,
    - Instagram Stories, Facebook Stories жана Онлайн-берүүлөрдү көргөндө,
    - тиркемелерди жаңылаганда, браузерди жеке көрүү (инкогнито) режиминде колдонгондо,
    - браузерди трафикти кысуу үчүн колдонгондо же прокси-серверди, VPN-каналдарды, анонимайзерлерди пайдаланганда,
    - тиркеме же ВКонтакте, Одноклассники, WhatsApp, Facebook, Instagram, Telegram сайттары аркылуу чагылдырылышы тышкы ресурстар (башка сайттар) менен туташууну талап кылган шилтемелерди, сүрөттөрдү, видеороликтерди камтыган беттер ачылса;
  • «СУПЕРХАЙП» Акциясынын алкагында 200 ГБ интернет-трафик Акция үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып, учурдагы тариф үчүн автоматтык түрдө кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн жасалган биринчи аракетке чейин көрсөтүлөт. Тиркемелерди жана Instagram, VK, Одноклассники, Facebook, Telegram жана WhatsApp сайттарын колдонуу үчүн 200 ГБ интернет-трафикти көрсөтүүнүн максималдуу мөөнөтү – абоненттик төлөм алынгандан кийин 7 күн;
  • «СУПЕРХАЙП» Акциясы үчүн абоненттик тѳлѳмдүн наркы (бардык салыктарды эске алуу менен):

Абоненттик төлөмдү ар 7 күн сайын төлөө мөөнөтү каралган тарифтерде: 75 сом

Абоненттик төлөмдү ар 28/30 күн сайын төлөө мөөнөтү каралган тарифтерде:150 сом

  • «СУПЕРХАЙП» Акциясы үчүн абоненттик тѳлѳмдү алуунун мѳѳнѳтү:

- алгачкы жолу Акцияга кошулуу учурунда;

- андан ары баланста керектүү сумма болгон учурда тариф үчүн абоненттик тѳлѳм ийгиликтүү алынгандан кийин дароо автоматтык түрдѳ.

  • Эгерде тариф үчүн абоненттик төлөм алынгандан кийин баланста «СУПЕРХАЙП» акциясынын шарттарынын мөөнөтүн узартуу үчүн каражаттар жеткиликсиз болгон учурда, тариф үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн кийинки аракетке жана «СУПЕРХАЙП» акциясынын шарттары узартылганга чейин Акциянын шарттарын көрсөтүү токтотулат (Instagram, VK, Одноклассники, Facebook, Telegram жана WhatsApp соцтармактарын жана мессенджерлерин колдонуу үчүн интернет-трафиктин тарификациясы абонент же тариф үчүн бардык иштеп жаткан башка кызматтарды жана Акцияларды кошуу менен абонент тейленип жаткан тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт);
  • Эгер акча каражаттарынын жоктугунан “СУПЕРХАЙП” акциясынын шарттары автоматтык түрдө узартылбаса жана тарифтин активдүү шарттарында абоненттин эсебинде акция үчүн абоненттик тѳлѳмгѳ барабар же андан ашык пайда болуп калса, анда абонент *200# буйрутмасын терүү менен акциянын мөөнөтүн өз алдынча уланта алат. Андан кийин “СУПЕРХАЙП” акциясынын чегинде 200 ГБ интернет-трафикти көрсөтүү кайрадан калыбына келтирилет;
  • «СУПЕРХАЙП» Акциясы боюнча абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуу Акция боюнча абоненттик төлөм акыркы жолу алынган учурдан тартып 91-күнү токтотулат;
  • «СУПЕРХАЙП» Акциясы кошулуп турганда «СУПЕРХАЙП» Акциясы толугу менен өчүрүлгөнгө чейин «Интернетти тарат!» кызматын кошуп алуу мүмкүн эмес;
  • «Интернетти тарат!» кызматы кошулуп турганда *711*0# буйрутмасы аркылуу «Интернетти тарат!» кызматы толук өчүрүлгөнгө чейин «СУПЕРХАЙП» Акциясын кошуп алуу мүмкүн эмес;
  • «СУПЕРХАЙП» Акциясы кошулган тарифти «СУПЕРХАЙП» Акциясынын шарттарынын көрсөтүлүшү каралбаган башка тарифке алмаштырган учурда Акция өчүрүлөт;
  • «СУПЕРХАЙП» Акциясы кошулган тарифти «СУПЕРХАЙП» Акциясынын шарттарын көрсөтүлүшү каралган башка тарифке алмаштырган учурда Акция өчүрүлбөйт;
  • СУПЕРХАЙП» акциясын ал жүрүп жаткан учурда кайрадан кошуп алуу акыркы жолу абоненттик төлөм алынган учурдун кийинки суткасында гана мүмкүн.