Яндекс Плюс

yandex+bookmate_o.kg_kg.png

Яндекс Плюс

ЯНДЕКС ПЛЮС СЕРВИСИНЕ *090# БУЙРУТМАСЫ МЕНЕН ЖАЗЫЛУУНУ ТАРИЗДЕ ЖАНА 30 КҮН ТОЛУГУ МЕНЕН АКЫСЫЗ АРТЫКЧЫЛЫКТА БОЛ!

  • Яндекс.Музыкада каалаган тректерди жогорку сапатта ук
  • Яндекс.Go такси кызматында "Комфорт" жана "Бизнес" тарифтериндеги сапарларыңда 10% арзандатуу менен пайдалан
  • КиноПоиск тиркемеси аркылуу жарнамаларга алагды болбостон, фильмдерди жана сериалдарды онлайн көр
  • Букмейт китепканасынан китептерди окуп, ук
Яндекс 30 дней_840x250 kg.png

Башкаруу буйрутмалары:

Сервисти кошуу:   090#

Сервистин абалын текшерүү:   0909#

Сервис боюнча маалымат алуу:   090 8#

Сервисти өчүрүү:  0900#

Жазылууну кантип колдонсо болот:

  • «Яндекс Плюс» сервисине жазылууну кошуп алгандан кийин, Яндекс-аккаунттагы каттоону аяктоо үчүн шилтеме боюнча өт жана шартбелгини түзүп ал;
  • «Яндекс Плюс» сервистеринде авторизация болгондо жазылуу таризделген өзүңдүн О! номериңди колдон.
Пайдалуу шилтемелер:
«Яндекс.Музыка» тиркемеси шилтемеси боюнча жеткиликтүү;
«КиноПоиск» тиркемеси – фильмдер жана сериалдар, шилтемеси боюнча жеткиликтүү;
«Яндекс Go» тиркемеси – такси, шилтемеси боюнча жеткиликтүү;
Китептерди окуунун жана угуунун жеңил ыкмасы - «Bookmate» тиркемеси шилтемесинен жеткиликтүү.
«Яндекс Плюс» сервисин көрсөтүү боюнча кененирээк шарттар:

  • Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жана 30/60/90/360 күнгө «Пайдалуу чексиздик 4G», «Бир жылга интернет жана ТВ», «Алга Интернет», «Интернет 40 ГБ», «Үй үчүн интернет», «Интернет+», «Алга Интернет + О!TV», «Акылдуу түзүлүш» тарифтеринен башка тарифтерде «Яндекс Плюс» сервисин кошуу жана Яндекстин сервистерин колдонуу жеткиликтүү.
  • Калган тарифтердин абоненттерине 30 күндүк акысыз колдонуу мезгили берилет;
  • «Яндекс Плюс» сервисин кошуу үчүн акы – жок:
    - өздүк эсептин балансына карабастан акысыз жазылууну кошуп алуу мүмкүн;
    - өздүк эсептин балансында акылуу жазылуунун абоненттик төлөмүнүн суммасына тең же көбүрөөк сумма болгон учурда акылуу жазылуу мүмкүн.
  • Акысыз жазылуу ар бир абонент үчун бир гана жолу жеткиликтүү.
  • Кызматты кошуу менен абонент жеке маалыматтарды чогултууга, иштетүүгө, сактоого жана берүүгө макул болот.
  • Акысыз жазылуунун мөөнөтү аяктагандан кийин автоматтык түрдө акылуу жазылуу кошулат (30 күнгө 179 сом).
  • Эгерде абоненттин тарифи 30 күндөн ашык мезгил төлөмдү күтүү абалында болсо, анда 90 күнгө акысыз катталуу автоматтык түрдө өчүрүлөт да,  катталуунун колдонулбаган күндөрү күйүп кетет.
  • Акылуу жазылуу үчүн абоненттик төлөмдү алуу аракетинин учурунда өздүк эсептин балансында 179 сомдон кем сумма болсо, анда «Яндекс Плюс» сервиси автоматтык түрдө төлөмдү күтүү абалына өтөт. Өздүк эсептин балансында 179 сом же андан ашык сумма пайда болгонго чейин «Яндекс Плюс» бардык сервистери жеткиликсиз болот. «Яндекс Плюс» сервиси 30 календарлык күн боюнча үзгүлтүксүз төлөөнү күтүү абалында боло турган болсо, анда 31-күнү ал автоматтык түрдө өчүрүлөт.
  • «Яндекс Плюс» сервиси кийинки учурларда мүмкүн:
    - Акция боюнча акысыз жазылуу өчүрүлгөндөн кийин «Яндекс Плюс» сервисин көрсөтүүнүн бардык шарттары өчүрүлөт, ал эми акысыз жазылуунун колдонулбаган күндөрү күйүп кетет;
    - Акылуу жазылуу өчүрүлгөн учурда автоматтык узартуу жана абоненттик төлөмдү алуу токтотулат, мында «Яндекс Плюс» сервисин көрсөтүүнүн бардык шарттары өчүрүлгөн жана төлөнгөн акылуу жазылуунун мөөнөтү аяктаганга чейин жеткиликтүү бойдон калат.
  • Эгерде «Яндекс Плюс» сервисинин шарттары иштеген учурда азыркы тариф «Яндекс Плюс» сервисинин шарттарынын көрсөтүлүшү жеткиликтүү болгон башка тарифке алмаштырылса, анда «Яндекс Плюс» сервиси өчүрүлүп, абоненттик төлөмдүн алынышы токтотулууга тийиш. Бирок мында сервистин бардык шарттарынын көрсөтүлүшү өчүрүлгөн жана төлөнгөн «Яндекс Плюс» катталуусунун мөөнөтү аяктаганга чейин жеткиликтүү болушу керек. Тариф алмаштырылгандан кийин жаңы тарифте «Яндекс Плюс» сервисинин шарттарынын көрсөтүлүшү каралбаган учурда, «Яндекс Плюс» сервисинин бардык шарттары өчүрүлөт.
  • Акысыз жазылуу учурунда акылуу жазылууну кошуп алуу – мүмкүн эмес. Акылуу жазылуу учурунда акысыз жазылууну кошуп алуу – мүмкүн эмес.
  • «Яндекс Плюс» сервисинин алкагында, «Яндекс Go», «Яндекс.Музыка» тиркемелерин жана music.yandex.ru веб-сайтын колдонууда тарифтеги учурдагы интернет-топтомдордогу интернет-трафик сарпталбайт, ал эми «КиноПоиск» жана «Bookmate» тиркемелерин колдонууда тарифтеги негизги интернет-топтомдогу интернет-трафик сарпталат.
  • «Яндекс Плюс» сервиси «НУР Телеком» жана «Яндекс Плюс» ЖЧКсынын биргелешкен техникалык ресурстары аркылуу көрсөтүлөт.
  • Бардык нарктар КНС жана СС эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.