Үн почтасы

Үн почтасы

Үн почтасы

Дайым байланышта болуңуз!

Сиз бош эмес болсоңуз, жооп бере албасаңыз, байланыш аймагынан тышкары жүрсөңүз же телефонуңуз өчүк болсо да маанилүү чалууларды өткөрүп жибербейсиз. Бардык кирген чалуулар Сиздин өздүк үн почтаңызга жазылат жана Сиз аны каалаган убагыңызда уксаңыз болот. 

Абоненттик төлөм: 0 сом

Кошуу буйрутмасы: 790#
«Үн почтасын» туташтыруу жана өчүрүү кызматтары

Эгер Сиз «Үн почтасын» кызматына туташкыңыз келсе, телефонуңуздан *790# буйрутмасын териңиз. 

Кызматты өчүрүү үчүн *790*0#c буйрутмасын териңиз. Абоненттик төлөм - 0 сом.

Билдирүүлөрдү угуу жана өздүк үн почтасын күүлөө

Билдирүүлөрдү угуу жана өздүк үн почтаны күүгө келтирүү үчүн  телефонуңуздан «Үн почтасын» тейлөө номеринин кызматына *790 номери боюнча чалуу керек. Чалуу О! түйүнүнүн ичиндеги чалуу катары төлөнөт.

Чалууларды башка дарекке буруу пайдаланылган учурда "Үн почтасы" кызматы жеткиликтүү эмес. Кызмат көрсөтүүнү калыбына келтирүү үчүн чалууларды башка дарекке буруунун бардык түрлөрүн ##002# буйрутмасын терүү менен өчүрүү керек. 

Абонент роумингде болсо өздүк үн почтасына абонент тарабынан чалуунун баасы (угуу, билдирүү, үн ящигин башкаруу) роумингден үй телефонунан чалгандай тарифтелет, үн ящигинин ээси кирген билдирүүлөргө роуминг-тарифи боюнча төлөйт.