Ишенимдүү төлөм

Ишенимдүү төлөм

Ишенимдүү төлөм

Эгер сизге чалуу жүргүзүү же башка кызматтарды пайдалануу керек болсо, а бирок балансыңызда каражаттар жеткиликсиз болсо – «Ишенимдүү төлөм» кызматын алыңыз.

«Ишенимдүү төлөм» кызматын алууда сизге тарифтик планыңыздын алкагында жана сиздин тандооңуз боюнча 25, 50, 75, же 100 сомго теңдештирилген лимиттин чегинде кызматтардан дароо пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет.

Кошуу буйрутмасы: 105#
  • «Ишенимдүү төлөм» кызматын кошууу мүмкүндүгү жана көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү сиздин активдүүлүгүңүзгө (мобилдик байланышты колдонуу, балансты толуктоолордун саны), тарифтик планыңызга жана түйүндө тейленген мөөнөтүңүзгө жараша болот;
  • «Ишенимдүү төлөмдү» бир жолу 1ден кем эмес алса болот. Бул кызмат жана кызматтардын көрсөтүлгөн лимити төлөнгөндөн кийин гана «Ишенимдүү төлөмдү» кайрадан кошсо болот;
  • Баланстын бардык абалында «Ишенимдүү төлөмдү» алуу мүмкүн;
  • «Ишенимдүү төлөм» кызматын абонент үчүн бир же бир нече төлөм жеткиликтүү болгон учурда, буйрутманы терген соң дароо пайдаланууга болот. Мында мурда кошулган «Ишенимдүү төлөм» жана «Автотөлөм» кызматтары активдүү болбоого тийиш;
  • «Ишенимдүү төлөм» кызматы учурдагы тарифтик пландын чегинде көрсөтүлуп жаткан кызматтардын бардык түрүнө жарайт;
  • Кошулган «Ишенимдүү төлөм» кызматы боюнча берилген лимитти «О!Деньги»* мобилдик капчыгынын чегинде ала турган акча каражаттарына которууга болбойт.
  • Кызматтын мөөнөтү:
    - Кошулган күндөн тартып 3 күн. Эгер сиз кошулган «Ишенимдүү төлөм» кызматы менен 3 (үч) күндүн ичинде колдонбосоңуз, анда бул кызмат жокко чыгарылат, ал эми лимит көрсөтүлбөйт;
    - Балансты жеткиликтүү өлчөмдө толуктаганга чейин.
  • Балансты толуктагандан кийин, көрсөтүлгөн байланыш кызматтары үчүн Сиз тандаган лимиттин алкагында сиздин эсебиңизден – 25, 50, 75 же 100 сом, ошондой эле «Ишенимдүү төлөм» кызматын пайдалангандыгыңыз үчүн 5, 10, 15 же 20 сом алынат. Эгерде баланста каражаттар жеткиликсиз болсо, анда алгач лимиттин алкагындагы көрсөтүлгөн кызматтарга алынат, андан кийин гана кызмат үчүн акы алынат.
  • Кошулган «Автотөлөм» кызматы болгондо жана роумингде «Ишенимдүү төлөм» кызматы кошулбайт;
  • Төмөндө көрсөтүлгөн тарифтик пландардын бирине тарифтик планды алмаштырган учурда кызмат өз күчүн сактап турат;
  • «Ишенимдүү төлөм» кызматынан «30/60/90/360 күнгө Пайдалуу чексиздик 4G», «Интернет жана ТВ бир жылга», «Алга Интернет», «Интернет 40 ГБ», «Үй үчүн интернет», «Интернет+», «Алга Интернет + O!TV» тарифтеринде тейленген абоненттерден тышкары Кыргыз Республикасынын бардык аймагында алдын ала төлөө жана кийин төлөө (жеке эсеп) тейлөө тутумунун бардык абоненттери пайдаланса болот.

Ишенимдүү төлөм

(бардык салыктарды эске алуу менен)

Кызмат үчүн акы

(КНС кошуп, ССсыз)

Кошуу буйрутмасы

25 сом

5 сом

*105*25#

50 сом

10 сом

*105*50#

75 сом

15 сом

*105*75#

100 сом

20 сом

*105*100#


* «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: № 2021030817, 3022030817.