Кайра байланышта!

Кайра байланышта!

Кайра байланышта!

Жакындарыңыз менен байланышта болуңуз!

«Кайра байланышта!» кызматы телефонуңуз өчүк же жеткиликтүү болбогон мезгилде, КР башка мобилдик операторунун (Beeline) абоненттери сиз менен байланышууга аракет кылган учурда, аларга сиз кайрадан байланышта экендигиңиз жөнүндө кабарлайт.

Билдирүүлөр телефонуңуз тармактан тышкары болгон мезгилде сиз менен байланышууга аракет кылган КР башка мобилдик операторунун абонентинин телефонуна кабыл алынбаган чалуу түрүндө келет.

Абоненттик төлөм: жок
Кызмат акысыз көрсөтүлөт жана абоненттерге ыңгайлуу болушу үчүн бардык тарифтик пландарда кошулган. Мындайча, жакындарыңыз менен дайыма байланышта болуп турасыз.

Сервистин алкагында сизге акыркы 24 сааттын ичинде КР башка мобилдик операторунун (Beeline) абонентинин номеринен чалуу аракети аткарылган болсо, саат 08:00дөн 22:00гө чейин телефонуңуз тейлөө тармагына кошулган учурдан тартып 10 мүнөттүн ичинде ал абонентке кабыл алынбаган чалуу түрүндө билдирүү түшөт.

Кызматты башкаруу буйрутмалары:
Кошуу: *697#
Өчүрүү: *697*0#

Кызмат роумингде болгон мезгилде, ошондой эле «Үн почтасы» кызматы өчүрүлгөн учурда жеткиликтүү эмес.