Автоплатеж

Автоплатеж

Автоплатеж

Балансыңызда каражат түгөнүп калса дагы байланышта болуңуз – «Автоплатеж» кызматын кошуп алыңыз.

Эми сиздин балансыңыздагы каражат эң күтүүсүз учурда түгөнүп калганда сарсанаа болуунун кереги жок.

1 сомдон кем баланс болгон учурда, сизге тарифтик планыңыздын чегинде жана 20 сомго барабар болгон лимиттин шарттарында байланыш кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.

Башкаруу буйрутмалары:

Кошуп алуу:   107#

Абалды текшерүү:  1079#

Өчүрүү:  1070#

  • «Автоплатеж» алуу үчүн кызматты алдын ала кошуп алуу керек. Кошуп алуунун наркы - 20 сом. Кызматты кошумча кошуп алуу – акысыз;
  • Баланс 1 сомдон кем болгон учурда Сизге 20 сомго барабар болгон лимиттин шарттарында «Автоплатеж» дароо кошулат.
  • Кызматтын мөөнөтү - 2 күн. Эгер сиз алган «Автоплатеж» менен 2 (эки) күндүн ичинде колдонбосоңуз, анда бул лимит жокко чыгарылат;
  • Баланс толукталгандан кийин сиздин эсебиңизден байланыш кызматын көрсөтүү үчүн 20 сомго барабар лимиттин чегиндеги сумма, ошондой эле «Автоплатеж» кызматын пайдалануу үчүн 5 сом алынат;
  • Эгер кызматты өчүрүү үчүн абонент балансты 25 сомдон кем суммага толуктаса, анда бул сумма «Автоплатеж» үчүн төлөөнүн бир бөлүгү катары алынат.
  • Мурун кошулган «Автоплатеж» кызматы активдүү болбошу керек;
  • «Автоплатеж» кызматы учурдагы тарифтик пландын чегинде көрсөтүлгөн бардык кызматтарга тиешелүү болот;
  • Кошулган «Автоплатеж» кызматы боюнча көрсөтүлгөн лимитти «О!Деньги»* мобилдик капчыктын чегинде акча каражаттарын алуу үчүн которууга болбойт;
  • Тарифтик планды алмаштырган учурда «Автоплатеж» кызматы активдүү болот.
  • «Автоплатеж» кызматынан «30/60/90/360 күнгө Пайдалуу чексиздик 4G», «Интернет жана ТВ бир жылга», «Алга Интернет», «Интернет 40 ГБ», «Үй үчүн интернет», «Интернет+», «Алга Интернет + O!TV» тарифтеринде тейленген абоненттерден тышкары Кыргыз Республикасынын бардык аймагында алдын ала төлөө жана кийин төлөө (жеке эсеп) тейлөө тутумунун бардык абоненттери пайдаланса болот.
  • Бардык баалар КНС жана СС эсепке алынып көрсөтүлгөн.
  • *«О!Деньги» сервиси жеткиликтүү кызматтардын тизмегинин чегинде «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.