SIM-картаны калыбына келтирүү жана алмаштыруу

SIM-картаны калыбына келтирүү жана алмаштыруу

SIM-картаны калыбына келтирүү жана алмаштыруу

О! операторунун ар бир катталган абоненти SIM-картасы зыянга учураганда, бөгөттөлүп калганда же жоголуп кеткенде аны калыбына келтире алат. Бул үчүн О! сатуу жана тейлөө кеңселерине кайрылуусу зарыл.

Жеке жактар:

1. Эгер номер паспортко катталган болсо, кийинки документтердин негизинде калыбына келтире алабыз:
∙ КР жаранынын паспорту – ID-карта (2004-жылдагы үлгү)
∙ КР жаранынын паспорту – ID-карта (2017-жылдагы үлгү – биометрикалык паспорт).
∙ КР жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкөлүк паспорт)
∙ аскердик билет (мөөнөттүк кызмат өтөөдөгү аскер кызматкерлери, паспорту алынган)
∙ офицердин күбөлүгү (чыныгы аскерди кызматтагы кишилер, паспорту алынган)
∙ пенсиялык күбөлүк
∙ айдоочулук күбөлүк.

2. Эгер каттоо паспорттун негизинде ишке ашырылбаса, анда паспорттун негизинде гана калыбына келтиребиз.

Юридикалык жактар:

Юридикалык жактан SIM-карталардын саны көрсөтүлгөн жана уюмдун мөөрү менен жетекчисинин кол тамгасы коюлган кат;
∙ Юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним кат;
∙ Юридикалык жактын өкүлүнүн паспорту же анын көчүрмөсү.