О!го жеңил кадам

О!го жеңил кадам

О!го жеңил кадам

Өз номериңизди эски контакттарды сактоо менен жеңил эле алмаштырып алыңыз! 

«О!го жеңил кадам» акысыз кызматы досторуңузга, жакындарыңызга, кесиптештериңиз менен бизнес боюнча өнөктөштөрүңүзгө сиздин телефон номериңиздин өзгөргөндүгү тууралуу билдирүүгө жардам берет.

Сиздин тааныштарыңыз эски номериңизге чалганда, жаңы номериңиз тууралуу добуштук билдирүү (IVR) ала алышат, сизге болсо ким чалганы тууралуу SMS-билдирүү келет. 

Кызматты бир гана жолу активдештирүү жана башка дарекке жөнөтүүнү ырастоо жетиштүү.

Кызмат эки режимде жеткиликтүү:

«Эки тараптуу»

Баарына билдирүү: сиздин мурунку телефонуңузга чалгандардын баары сиздин жаңы номериңиз тууралуу автожоопбергичтин: «Сиз чалган абонент нмоерин 070Ххххххх же 050Ххххххх номерине алмаштырды» деген жообун угушат. Эки  тараптуу режим дароо иштеп баштайт.

«Бир тараптуу»

Мага гана билдирүү: эгер сиздин эски номериңизге чалышса, чалган кишинин номери менен сиз гана SMS-билдирүү аласыз. «Сиздин эски 0ХХХуууууу номериңизге 0ХХХуууууу номеринен чалышты». Бул абонентке жаңы телефонуңузду билдиресизби же жокпу, аны өзүңүз чечесиз.

Кызмат толугу менен акысыз.

  1. Жаңы номериңизден *304* 0XXXxxxxxx#эски номериңиз чакырууну териңиз. Номер Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунун номери болушу мүмкүн.

  2. Телефонуңузга эски SIM-картаны салып, бул буйрутманы териңиз: **21*0701589255#чакыруу.

  3. Жаңы SIM-картаны тагыңыз – пайдалана бериңиз! Эми издегендердин эч бири сизди жоготпойт, ал эми сиз ким издеп жатканын билип турасыз.

Бир жаңы номерге 20га чейин эски номерди кошуп койсо болот.

Кызматтын так иштеши үчүн сиздин эски SIM-картаңыз активдүү шарттамда экенин тактап коюңуз.

Башкаруу буйрутмаларын О! түйүнүндөгү жаңы номериңизден теришиңиз керек:

Кошулуу

*304#

Эски номерди киргизүү

(20га чейин эски номерди кошсо болот)

*304*0XXXxxxxxx#форматында эски номериңиз

Эски номерди өчүрүү

*304*0*0XXXxxxxxx#форматында эски номериңиз

Бир тараптуу шарттам

*304*1*0#

Эки тараптуу шарттам

*304*1#

Сизге чалгандар тууралуу SMS-билдирүүлөрдү токтотуу

*304*2*0#

Сизге чалгандар тууралуу SMS-билдирүүлөрдү кошуу

*304*2#

Статусту текшерүү

*304*9#

Бардык эски номерлердеги кызматтарды токтотуу

*304*0#