Сервис Этномедиа

Сервис Этномедиа

Сервис Этномедиа

Этномедиа - бул кыргыз тилиндеги сериалдар, тасмалар жана шоулар көрсөтүлгөн онлайн-кинотеатр.

  • Кыргыз тилиндеги 300дөн ашуун фильм, мультфильм жана сериал;
  • Full HD сапатында видео;
  • Жарнамасыз, кошумча төлөмсүз жана интернет-трафикти тарифтөөсүз;
  • Бир катталуу менен 5 түрдүү түзүлүштөн көрүү.
  • Активациядан баштап алгачкы 7 күн кызмат акысыз.
  • Суткасына абоненттик тѳлѳм: 7 сом (КНС эске алынып, СС кошулбайт).

Кошуу үчүн команда: *805*1#
Ѳчүрүү үчүн команда: *805*0#
Абалды текшерүү үчүн команда: *805#
Шартбелгини калыбына келтирүү үчүн команда: *805*5#

Кызматты колдонууга ѳтүүдѳн мурун O!TV тиркемесин жүктѳӊүз. Android жана iOS үчүн версия.

Кызмат Кыргыз Республикасынын интернет бар аймактарындагы О! мобилдик операторунун бардык абоненттерине жеткиликтүү, «Интернет+», «Алга Интернет + O!TV», «Үйгө Интернет», «40ГБ Интернет» тарифтеринен башка бардык тарифтерде жеткиликтүү.

Кызмат күнүмдүк абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү каражат бар болгон учурда көрсөтүлөт. Баланста каражаттар жетишсиз болгон учурда кызматтын иши токтотулат. Кызматтын иши кайрадан уланыш үчүн абоненттик төлөмдүн суммасын баланска толтуруп коюу жетиштүү болот.

Кызматты көрсөтүү сапаты маалыматтарды жөнөтүү ылдамдыгы менен аныкталат. ТВ көрүү үчүн керектүү минималдуу ылдамдык – секундасына/300 Кбит;

«Этномедиа» кызматында интернет-трафик тарифтештирилбейт, бирок негизги топтомдон сарпталат (эгер тарифте интернет-топтомду көрсөтүү каралган болсо);

«Этномедиа» кызматы кошулган тарифти алмаштырган учурда, кызмат үчүн абоненттик төлөмдү алуу менен автоматтык түрдө кайра кошуу ишке ашырылышы мүмкүн.