Балдар кайда?

Балдар кайда?

Балдар кайда?

«Балдар кайда?» кызматы менен cиз  дайыма балдарыңыздын кайда экенин аларды ашыкча чалуулар менен тынчын албастан билип турасыз, зарыл болсо, балаңыз учурда жүргөн жерин «Көңүл бур, мен бул жакта» деген атайын сигнал аркылуу билдире алат.  Ал үчүн андан издөөгө бир жолу уруксат алуу гана жетиштүү. Автоиздөөнүн графигин тууралаңыз жана балаңыз аптанын тандалган күндөрүндө кайда жүргөнү жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз алып турасыз.

Кызматты кошуу – 7898#

Кызматты биринчи жолу кошуу – акысыз, андан кийинкилер – 20 сом (бардык салыктарды эске алуу менен).

Алгачкы 10 күндүн ичинде «Акысыз мезгил» берилет, андан кийин абоненттик төлөм күнүнө 3 сомду түзөт. 

  • Активдештирүү О! түйүнүнүн бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү.
  • Кызматты биринчи жолу кошуу – акысыз, андан кийинкилер – 20 сом (бардык салыктарды эске алуу менен).
  • Кызматтын ыңгайлуусун баалоо үчүн аны биринчи жолу кошкондо абоненттик төлөмсүз 10 күн бою «Акысыз мезгил» берилет, ал учурда жүргөн жерин билүүгө сурамдар тарифтештирилбейт. Андан соң автоматтык түрдө «Акылуу мезгил» келет.

Акылуу мезгил

  •  Абоненттик төлөм – күнүнө 3 сом. Эгер абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда сиздин эсепте керектүү сумма жок болсо, кызматка кирүү чектелет. Балансты толтургандан кийин дароо эле кызматтын иштөөсү толук көлөмдө калыбына келтирилет, мында эсептеги калдык 3 сомго барабар же көп болушу керек. Күн сайын 10 го чейин акысыз издөө сурамдарын жөнөтүүгө болот.
  • Кошумча 10 издөө сурамын тапшырык кылуу баасы – 3 сом.
  • 7898 кыска номерине SMS жөнөтүүнүн баасы - 0 сом.
  • Күн сайын 5ке чейин «Көңүл бур, мен бул жакта» сигналын жөнөтүүгө болот.
  • «Көңүл бур, мен бул жакта» сигналын жөнөтүү баасы - 0 сом.
  • Жакындарыңыздын жүргөн жери жөнүндө маалымат бар картасына кирүү - 0 сом.
  • Бардык баалар КНС кошуп, СС эске албастан көрсөтүлдү.
  • Абоненттин ордун аныктоо радиусу:

  • Бишкекте 250-500м
  • шаарларда жана ири калктуу конуштарда 500-800м
  • айыл жерлеринде 1000-3000м.