Биринчи айфонумду промоутер болуп иштеп тапкам

01.07.2022

О! Мобилдик оператору компаниянын ар кандай өнүгүү этаптарынан өткөн адистердин жеке баяндары менен бөлүшкөн «Биринчи жактын атынан» аттуу рубрикасын баштайт. Бүгүнкү каарманыбыз Элнур Өмүрзаков – мурунку промоутер, учурда O!Store мобилдик телефондор менен аксессуарларды илгерилетүү боюнча адис.

2015-жыл. О!до промоутер. Дордой

Жай бою Дордойдо иштейм. Эртең менен саат 7де туруп, кечке чейин базар аралап, сим-карталарды сатам, кечки саат 5те базар жабылат, үйгө кетем. «Таасир этүү агенти», промоутерди мен ушундайча атайм, ар түрдүү кырдаалдарга даяр болуп, өнүм тууралуу бардык, ал тургай талап кылынгандан көп маалыматка ээ болууга, каршылыктар менен иштей билүүгө тийиш. Мен колуман келишинче аракет кылдым.

Elnur O! 1.png

О!до промоутер. ЦУМга которулуу

Аялдаманын жанында жер астындагы өтмөктө же ЦУМдун кире беришинде турам. Эртең мененкисин 2 саат иштеп, университетти көздөй чуркайм, сабактан чыгып кайра жумушка келем.

О!до промоутер. Менин биринчи айфонум

Жайында түнкүсүн бажыда иштеп, эртең менен кайра жумушка келем. Кышкысын досторум жылынсын деп, кофе алып келип беришет. 15 мүнөт сайын алмашабыз. Жумуш бүткүчө жер астындагы өтмөктө турам. Маңдай терим менен тапкан акчама IPhone 7 сатып алдым.

Негизи эле, ийгиликке жетүү жана карьералык өсүү үчүн промоутер мамилечил (мен ушундаймын), ак ниеттүү, амалдуу, тез адаптацияланууга жөндөмдүү, топ ичинде иштөөгө даяр, жоопкерчиликтүү, өзүнө ишенген, креативдүү, стресске туруктуу, физикалык жактан чыдамкай болууга тийиш. Иштеп жаткан учурда абдан көп нерсени үйрөнө алдым.

2017-жыл

Эми мен O!Store’догу вакансияга резюме тапшыра алам, бирок, азырынча бош орун жок. Иштөөнү улантып, вакансиянын чыгышын күтүп жүрөм.

ОПиОшниктер (Сатуу жана тейлөө кеңсесинин адистери)

Алар мен үчүн эң жогорку даражадагы адамдар болчу. Элита! Алар жайлуу шарттарда, ЦУМдун ичинде иштешет, дайыма ак көйнөк кийип, галстук тагынып жүрүшөт. Жумушка келгенде сөзсүз салам берем, жумуштан кетип жатышканда коштошом, а мен болсо дагы эле жер астындагы өтмөктө турам.

2018-жыл. Жаз

O!Store’го резюмемди тапшырдым, толкундануу, коркуу сезими бар… Бардык булактарга резюме жибердим, тааныгандардын баарынан мен жөнүндө айтып коюуларын сурандым. Сабакта отурам/0707 номеринен чалуу/кубаныч/аңгемелешүү. Бардык этаптардан ийгиликтүү өттүм, окууну аяктадым, сынак тапшырдым. 3 жыл промоутер болуп иштегенден кийин, ЦУМдун ичинде ак көйнөк кийип, галстук жана бейджик тагынып жүрүп калдым.

Эми мен ОПиОшникмин

O!Store ЦУМ = үй-бүлө.

Elnur O! 2.jpg

1 жыл 9 ай

ЦУМдагы О!Store’до дал ушунча убакыт иштедим.

Көптөгөн мыкты кишилерди жолуктурдум, жаңы досторду таптым, потенциалдуу өкүл аталарды таптым (Чормон, Бакай, Жакшылык, Жеңиш, Эрмек, Нурхан, Тилек байкелер, үйлөнүү тоюмда өкүл ата кой деген сунуштарыңар эсимде). Досторумдун үй-бүлө курушуна да күбө болдум: Жеңиш менен Наима, Чормон менен Айдана, Эргалый менен Мээрим. Көп кыздарыбыз - Айзада, Касиет, Аруке, Сезим, Айгерим -бактылуу эне болушту.

Чыныгы «тусовка» эмне экенин эми билдим. Биздикиндей шаңдуу отуруштар эч кимде болбосо керек. Салют ля фамилия! Көптөгөн кызматкерлер кызматынан көтөрүлүштү, айрымдары декретке чыгышты, кимдир-бирөөлөр кеңсеге которулуп кетишти, дагы бирөөлөр жумуштан кетишти, ошентсе да менин жүрөгүмдө баарыбыз бир үй-бүлөбүз.

Forever young, I want to be forever young.

Elnur O! 3.JPGElnur O! 4.JPG

2019-жыл. Дагы 10 айдан кийин эмне болду?

Мен кызматтан жогорулап, башкы кеңсеге которулдум. Бул жактагылар таптакыр башка кишилер – бул менин карьерамдагы жаңы баскыч!

Welcome to the O!World – резюмеңерди тапшырып, биздин командага кошулгула!

O!Store дүкөндөр тармагы сатуу көндүмдөрүнө ээ, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн, ПК жакшы билген амбициялуу, жоопкерчиликтүү жана көрүнүктүү кызматкерлерди өз командасына алат.

О! Мобилдик оператору төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • туруктуу эмгек акы;

  • акысыз мобилдик байланыш;

  • эң сонун атмосфера жана карьералык өсүүнүн перспективалары.

Резюмеңди почтага ➡vacancy@nurtelecom.kg же WhatsApp’ка +996 (700) 000 430 жибер.


Тизмеге кайтуу