«10 ГБ белекке алыңыз» Акциясы

identification_5_1200x400_site_kg.jpg
10 гигабайт интернетти белекке кантип алса болот?

«Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгынын онлайн-идентификациясынан өтүңүз да, 10 ГБ интернет БОНУСка, ошондой эле капчыктын көпчүлүк мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуңуз: акча каражаттарын алты өлкөнүн банктарынын капчыктарына жана карталарына которуңуз, коммуналдык кызматтарды, айып пулдарды, жеткирүү кызматтарын, ошондой эле дүкөндөрдөгү, кафелердеги, май куюучу бекеттердеги эсептерди жана 2 000ден ашуун сервистерди төлөңүз!

Маанилүү! Кыргызстанда 2020-жылдын 1-октябрынан тарта идентификациядан өтпөгөн бардык капчыктар Улуттук банктын токтомуна ылайык өчүрүлгөн.Маанилүү! 2020-жылдын 1-октябрынан тартып КРнын Улуттук банкынын идентификацияланбаган капчыктарды колдонууга тыюу салган токтому күчүнө кирди.

Онлайн-идентификациядан кантип өтсө болот?

1. Акция 23-апрель 2020-жылдан 2025-жылдын 15-январына чейин жүрөт.
2. «Мой О!» тиркемесинен авторизациядан өтүңүз жана «О!Деньги» бөлүмүн тандаңыз.
3. Эгер сиздин капчык идентификацияланбаган болсо, анда сиз башкы экранда идентификациядан өтүү сунушун көрөсүз.
4. Маалыматтарды толтуруңуз.
5. Өтүнмөнү SMS-код менен тастыктаңыз.

Даяр! Тутум тарабынан текшерүүдөн өткөндөн кийин бир күндүн ичинде ийгиликтүү идентификациянын жана Бонустун (10 ГБ интернет-трафик) тастыктоосу менен SMS-билдирүү аласыз же сиздин көрсөткөн маалыматтарыңыздын такталышы керек болгон учурда аракеттериңиздин нускамасы менен SMS-билдирүү келет.

Акциянын шарттары

1. Акция 2020-жылдын 23-апрелинен 2025-жылдын 15-январына чейин жүрөт.
2. Акцияга катышуу «Переходи на О!», «Сенин Супернөлүң» жана «Сенин нөлүң» тарифтик пландарынын абоненттери үчүн гана жеткиликтүү.
3. Акциянын жүргөн мөөнөтүндө «О!Деньги» электрондук капчыгы идентификацияланбаган абоненттер гана Акцияга катыша алышат.
4. Бонус (10 ГБ интернет-трафик) «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» электрондук капчыгын ийгиликтүү онлайн-идентификациядан өткөргөн учурда берилет.
5. Бонус (10 ГБ интернет-трафик) 7 календарлык күндүн ичинде жүрөт. Бонустун мөөнөтү абоненттин тарифтик планынын абалынан (активдүү же паузада) көз каранды эмес.
6. Бонустун (10 ГБ интернет-трафик) алкагында көрсөтүлүүчү интернет-трафикти колдонуу тарифтик пландын активдүү абалында гана мүмкүн (эгер тарифтик план үчүн кезектеги абоненттик төлөм төлөнгөндө).
7. Бонустун (10 ГБ интернет-трафик) алкагында көрсөтүлүүчү интернет-топтомдун калдыгын текшерүү «Мой О!» тиркемеси же *828# буйрутмасы аркылуу жеткиликтүү.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.
Идентификация «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан жүргүзүлөт. КРУБдун 18.06.1997-ж. жана 16.03.2016-ж. №037 лицензиясы.