Жаңы SIM-картаны «Мой О!» тиркемеси аркылуу каттап, баланска 100 сом алыңыз

+100 регистрация_940x250 site kg.png

Жаңы SIM-картаны «Мой О!» тиркемеси аркылуу каттап, баланска 100 сом алыңыз

Министрлер Кабинетинин жаңы эрежелерине ылайык, 2024-жылдын 1-апрелинен тарта жаңы SIM-картаны активдештирүүдө Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунун абоненттери паспорту менен милдеттүү каттоодон өтүшү керек.

Ийгиликтүү каттоодон өткөнгө чейин жаңы SIM-картада байланыш кызматтары чектелип көрсөтүлөт – мобилдик оператордун колдоо кызматына чалуулар гана жеткиликтүү болот.

Байланыш кызматтарын толук кандуу колдонуу мүмкүнчүлүгү абонент номерди паспорту менен өз наамына каттагандан кийин гана берилет. Муну онлайн – мобилдик тиркеменин жардамы менен аткарса болот.

Каттоодон өтүү үчүн 100 сом өлчөмүндө БОНУС!

Каттоодон «Мой О!» тиркемеси аркылуу өтүңүз да, телефонуңуздун балансына 100 сом БОНУС алыңыз. Бонустарды байланыш кызматтарына жумшай аласыз. Бул үчүн:

  1. SIM-картаны смартфонго орнотуңуз, жаңы номерге «Мой О!» тиркемесин акысыз көчүрүү үчүн шилтеме келет;

  2. Тиркемени көчүрүп, ага кириңиз;

  3. Жаңы номериңизди жазыңыз. Бул номерге код менен SMS келет;

  4. Андан ары «Киришүү» баскычын басыңыз;

  5. Паспортуңуздун маңдайкы бетин, андан кийин арткы бетин сүрөткө тартып, маалыматтардын тууралыгын текшериңиз;

  6. Паспортуңуз менен селфи (өзүңүздүн жүзүңүздү) тартыңыз;

  7. Код сөз ойлоп табыңыз да, өтүнмөнү карап чыгууга жибериңиз.

Маалыматтар ийгиликтүү текшерилгенден кийин сизге дароо бардык байланыш кызматтарын, Жеке кабинетти жана "О!Деньги" электрондук капчыгын колдонуу мүмкүндүгү берилет.

Эгерде номерди өз алдыңызча каттай албасаңыз, анда паспортуңуз менен О!Store дүкөндөрүнүн бирине барсаңыз, сизге жардам беришет.

Номер паспорттук маалыматтарга эмне үчүн байланыштырылат?

SIM-картаны паспортко байланыштыруу жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо максатында талап кылынат. Бул, айрыкча, номердин ээси номерин онлайн-банкинг, санариптик мамлекеттик кызматтар, жумушчу почта, мессенджерлер, соцтармактардагы аккаунттар сыяктуу сервистерге катталуу жана аларга кирүү үчүн колдонгон учурда абдан маанилүү. SIM-картаны каттоо шылуундардын жеке маалыматка ээ болуусунан сактайт, ал эми SIM-карта же телефонду жоготуп алган учурда - номерди калыбына келтирүүнү жеңилдетет.

О! менен бирге болуу – пайдалуу!

«Каттоо үчүн бонус» акциясы 2024-жылдын 31-майына чейин өтөт.