О!Бонус

obonus-940x250 site kg.png

«Мой О!» – бул О! жана Saima Telecom абонентинин жеке кабинети, «О!Деньги» электрондук капчыгы жана «О!Маркет» маркетплейси.

«О!Бонус» – бул О! байланыш кызматтарын колдонуудан жана «О!Деньги» капчыгы аркылуу QR-төлөмдөрдү ишке ашыруудан бонустарды топтоо мүмкүнчүлүгүн берген лоялдуулук программасы.

1 бонус = 1 сом

Көбүрөөк активдүүлүк – көбүрөөк бонус!


О! байланыш кызматтарынан бонустарды кантип топтосо болот?

Жакындарыңызга чалыңыз, досторуңуз менен баарлашыңыз, тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү, турбокнопканы, О! санариптик көңүл ачууларды төлөңүз жана О! байланыш кызматтарына 1 сомдон жогору сарпталган акча каражаттарынын 1% өлчөмүндө бонуска ээ болуңуз.

Мисалы, эгер сиз 490 сом өлчөмүндө тарифиңизди төлөсөңүз, 4,9 бонус кешбэк берилет. О! байланыш кызматтары үчүн чогулган бонустар О!Бонус программасынын башка өнөктөштөрүнөн алынган бонустарга кошулат.

Бонустарды кайдан жана кантип сарптаса болот?

Бонустар менен О! номеринин балансын толуктасаңыз болот, же болбосо аларды «О!Бонус» программасына катышкан өнөктөштөрдүн кызматтарын же товарларын төлөөгө колдоно аласыз.

Маанилүү: О! байланыш кызматтары үчүн бонустар 24 сааттан кийин Мой О! тиркемесинен жеткиликтүү болот.

Бонустардын санын кантип текшерсе болот?

Бонустардын санын Мой О! тиркемесиндеги «Менин бонустарым» бөлүмүнөн же жеке кабинеттин башкы баракчасынан текшере аласыз.

О!Бонус акциясын өткөрүү эрежелери

«О!Деньги» сервиси жана бонустук процессинг «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан ишке ашырылат. КРУБ №2021030817, №3022030817 03.08.2017 ж. лицензиялары.