Акылдуу түзүлүштөр үчүн M2M тарифин кошуп алыңыз

25.01.2021

О! Мобилдик операторунун жакшыртылган «Акылдуу түзүлүш» тарифи машиналар ааламынын өз ара «баарлашуусуна» жардам берүүсүн улантат. Тарифке ай сайын 100 SMS, О! түйүнүндө чалуулар үчүн 10 мүнөт жана 200 МБ интернет кошулган, тариф аяктаган соң интернет тарифтештирилбейт. 

Эгер сиздин жапжаңы чечимдерди талап кылуучу акылдуу үйүңүз же бизнесиңиз болсо, анда М2М «Акылдуу түзүлүш» тарифи сиздер үчүн. Атайын сунуштун бардык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеосерепке назар салыңыздар: https://youtu.be/X4bHnVTtPn8

M2M (machine-to-machine) – бул зымсыз байланыштын негизинде түрдүү датчиктердин, эсептегичтердин, сенсорлордун жана башка «темирлердин» өз ара баарлашуусу үчүн чечимдер болуп саналат. Мындай      акылдуу машиналар ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү иштеп жатышат:

  • Банктар жана төлөм тутумдары (банкоматтарды, төлөө терминалдарын жана башка түзүлүштөрдү Кардардын корпоративдик IT-тутумдары менен туташтыруу үчүн чечимдер);

  • Транспорт жана логистика (автопарктын, жүк ташуулардын, шаардык жана муниципалдык транспорттун мониторинги үчүн чечимдер);

  • Коопсуздук (стационардык/кыймылдуу объектилерди коргоо боюнча чечимдер, видеобайкоо);

  • Технологиялык АБТ (автоматташтырылган башкаруу тутумдары) өндүрүштүк ишканалар (энергетика, турак-жай коммуналдык чарба);

  • Керектөөчүлүк электроника жана башка тармактар.

Эмне үчүн бул ыңгайлуу:

1.     M2M SIM-карталар эскирбейт жана татаал климаттык же өндүрүштүк шарттарда жүктөмдөрдү көтөрөт;

2.    Кабелди өткөрүүгө мүмкүн болбогон жерде дагы, каалаган жерде аралыктан туташса болот;

3.    Сиз эсептегичтердин көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтарды жана чыгыштоочу материалдардын санын реалдуу убакыт режиминде алып турасыз;

4.    Түзүлүштүн бузулуп калгандыгын жана траснпорттун максатка ылайык колдонулбай жаткандыгын ал жерге барбай туруп билип турсаңыз болот;

5.    Кызматкерлердин жоопкерчиликтүү жүрүм-турумунун эсебинен чыгымдарды кыскартып аласыз;

6.    Түзүлүштөрдүн ортосунда маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашууну камсыздайсыз.

Тарифти башкаруу жана балансты, интернет-трафик менен SMS калдыгын текшерүү оңой:

  • «Мой О!» тиркемесиндеги «Менин номерлерим» тизмесине M2M SIM-картасынын номерин киргизиңиз;

  • Же PIN2 жардамы менен Жеке кабинетке кириңиз;

  • Же, эгер сизде M2M SIM-картага кирүү мүмкүнчүлүгү болсо, анда *827*9# буйрутмасын териңиз.

Тарифти кадимкидей ар бир 30 күн үчүн 50 сом өлчөмүндө төлөсө болот, бирок кааласаңыз 360 күнгө алдын ала төлөп коюу мүмкүнчүлүгү да бар – болгону 490 сом керектелет. Тарифти бардык O!Store дүкөнүнөн же О! сатуу жана тейлөө кеңсесинен кошуп алса болот. Атайын M2M SIM-картанын баасы – 100 сом. Бардык баалар КНС жана СС эске алынуу менен көрсөтүлгөн. Тариф тууралуу кененирээк o.kg сайтынан билип алсаңыз болот.


Тизмеге кайтуу