Акылдуу түзүлүш

Акылдуу түзүлүш

940x250_ внутренняя картинка kg.png

Автосигнализациялар, навигаторлор, GPS-трекерлер жана башка акылдуу түзүлүштөр үчүн атайын M2M тариф.

Артыкчылыктары:

  • Төлөө тандоо жолу менен – айына же жылына бир жолу
  • Экстремалдык шарттарда иштөө үчүн атайын M2M SIM-картасы
  • Тарифке кошулган (ар бир 30 күнгө):

  • 200 МБ интернет
  • О! түйүнүндө 30 SMS
  • Тандоо жолу менен төлөө:

    Бир айга (30 күн): 50 сом

    Бир жылга (360 күн): 490 сом

    Интернет жана SMS калдыктарын текшерүү:

    *827*9# буйрутмасын териңиз же «Мой О!» тиркемесине кириңиз.

    Бул тарифти каалайм:

    Тарифке каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринен же O!Store дүкөндөрүнөн кошулса болот. Атайын M2M SIM-картасынын баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 100 сом.

Тариф тууралуу кененирээк:

  • Тариф бүт өлкө боюнча жүрөт;
  • Тарифтик план эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;
  • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;
  • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
  • Тарифти «Мой О!» мобилдик тиркемеси жана Жеке кабинет аркылуу башкарууга болот, ага кирүү тарифтештирилбейт жана баланстын бардык түрүнө ачык;
  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифтештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;
  • Байланыштын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтештирүүнүн мимнималдык бирдигин төлөөгө керек болуучу акча каражаттарынын санына барабар.
Топтомдон тышкары тарифке кошулган кызматтардын тарификациясы:
  • КРнын бардык мобилдик түйүндөрүнө 1 SMS – 1,5 сом;
  • 1 МБ – 1,99 сом;
  • О! түйүнүндө чалуулар – 1,18 сом;
  • КРнын мобилдик операторлоруна чалуулар – 4,5 сом;
  • КРнын башка мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖАКынын («Megacom» бренди), «СкайМобайл» ЖЧКсынын («Beeline» бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын («Salam» бренди) номерлери кирет.
  • «Акылдуу түзүлүш» тарифтик планына кошулганда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;
  • «Акылдуу түзүлүш» тарифтик планындагы абоненттер «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерин тандаса жана алмаштырса болот;
  • Эгерде кезектеги абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, сиздин балансыңызда 50/490 сомдон кем сумма болсо, анда шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;
  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;
  • «Акылдуу түзүлүш» тарифтик планы менен SIM-картаны активдештиргенде, же «Акылдуу түзүлүш» тарифтик планына которулганда «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;
  • 30 күндүн ичинде интернет топтому жана/же SMS толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги абоненттик төлөмдү алуу же топтомдорду автоматтык түрдө жаңылоо (ар бир 30 күндө) учурунда сарпталбаган SMS менен интернеттин мегабайттары күйүп кетет;
  • «Акылдуу түзүлүш» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган SMS жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Акылдуу түзүлүш» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн мурун алынган каражаттар кайтарылбайт;
  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
  • Абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;
  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарификация кадамы - 10 секунда.