Яндекс.Музыканы акысыз 90 күнгө кошуп алууга 4 күн калды

25.02.2022

2022-жылдын 28-февралында О! Мобилдик операторунун абоненттери үчүн Яндекс.Музыка дагы ичинде болгон «Яндекс Плюс» сервисинин бир катар пайдалуу тиркемелерин акция боюнча 90 күнгө акысыз кошуп алуу мөөнөтү аяктайт.

Сиз дароо азыр *090# активдештирүү буйрутмасын терүү менен кошуп алууга жетишесиз.

Авторизациядан өтүңүз, Яндекс.Музыка тиркемесин жүктөп алыңыз да, күн сайын жаңы плейлисттерди, дүйнөдөгү бардык нерселер жөнүндө пайдалуу подкасттарды, кыргызстандык эстрада дагы кошулган миллиондогон музыкалык жаңылыктарды ачыңыз.

Мурун өз плейлистти түзүү үчүн биз бир күндөн көп убактыбызды коротчубуз, ырдан ыр чогултуп, тааныш диджейлерден же достордон жаңы тректерди сурачубуз.

«Менин толкунум» сервиси менен сиздин плейлист күн сайын жаңыланып турат, ал гана эмес маанайыңызга жараша кээде бир күндө бир нече жолу алмашат. Болгону шаңдуудан кайгылуу маанайга чейин тандап, мүнөзүн – сүйүктүү, чоочун же популярдуу деп белгилеп, агымдын тилин тандап койгонуңуз эле жетиштүү.

Яндекс Музыка 1.png

Эгер сиз ырга лайк бассаңыз, «Менин толкунум» сервиси сиздин реакцияңызды кармап калат да, келечекте сизди кандай музыка кызыктырышы мүмкүн экендигин билип калат. Сунуштарга сутканын бөлүгү, аптанын күнү, ал гана эмес сырттагы аба ырайы дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Музыкалык контентти жарнамасыз угуңуз, офлайн-угуу үчүн тректерди сактап алыңыз жана чоочун тректерди таанып билиңиз.

Күн сайын жаңы бир нерселерди угуунун жана билүүнүн жаңы ыкмасын байкап көрүңүз. Яндекс.Музыка тикемесинен сиз эң кызыктуу подкасттарды таба аласыз, контентин ылдамдатуу менен аларды уга аласыз. Ата-энелер балдар бөлүмүндө курагына, сабактардын түрүнө жана каармандарына жараша обондуу ырларды, жомокторду, аудиокитептерди, табышмактарды, ырларды таба алышат. Бул бөлүмдө балдар медицинасына, адабиятына жана тарбиясы боюнча эксперттердин пайдалуу топтомдору жайгаштырылган. 

Акысыз музыкадан тышкары, сиз төмөнкүлөргө ээ болосуз:

  • Комфорт и Комфорт+ тарифтери менен «Яндекс.Go» такси сапарларына -10% арзандатуу;

  • «Кинопоиск» тиркемесинде онлайн фильмдер жана сериалдар;

  • «Яндекс.Диск» тиркемесинде +10 ГБ кошумча мейкиндик.

Бардык О! тарифтик пландарында жазылуу жеткиликтүү. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин сиз сервис менен айына 179 сомго пайдалансаңыз болот. Толук маалымат yandex.o.kg сайтында.


Тизмеге кайтуу