О! Мобилдик оператору Кыргызстандагы эң ири 4G LTE түйүнүн өнүктүрүүдө

19.07.2019

Интернет-трафиктин улам өсүп жаткандыгына байланыштуу О! Мобилдик оператору жалпы Кыргызстан боюнча 4G LTE стандартындагы кеңири тилкелүү мобилдик интернетин активдүү түрдө өнүктүрүп жатат. 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясы кыргызстандыктар тарабынан ушунчалык көп керектелип жаткандыктан, акыркы 2 жылда О! түйүнүндөгү интернет-трафиктин көлөмү алты эселик өсүштү көрсөттү, анын ичинен дээрлик 75%ы 4G LTE түйүнүнө туура келет.

Түйүндү ири шаарларда гана эмес, алыскы региондордо да активдүү түрдө өздөштүрүп жатышат. Айрыкча “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында абдан актуалдуу болуп жаткан мобилдик  интернет О! Мобилдик оператору тарабынан ыкчам жеткирилүүдө. Техникалык адистердин төртүнчү муундун түйүнүнүн камтуусун жана сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча Кыргызстандын дагы 53 калктуу пункттарындагы аткарган жумуштары:

  • Ысык-Көл облусу: Каракол, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Бостери, Көк-Мойнок, Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Бактуу-Долоноту (мурунку Теплоключенка), Кызыл-Туу, Бөрү-Баш, Семеновка, Кожояр, Үч-Кайнар, Отуз-Уул, Жон-Булак, Жети-Өгүз, Тамга, Кичи-Жаргылчак, Кара-Талаа, Төрт-Күл, Түп, Ысык-Көл айылдарында, «Каприз» эс алуу борборундагы Ак-Суу шаар тибиндеги кыштагында;

  • Бишкек шаары: «Алтын-Казык» жаңы конушунун жана Көк-Жар айылынын аймагында;

  • Чүй облусу: Токмок шаарында жана Кичи-Кемин, Тар-Суу, Кызыл-Байрак, Төрт-Күл, Беловодское, Ленинское, Челпек, Военно-Антоновка, Виноградное айылдарында;

  • Жалал-Абад облусу: Кара-Көл шаарында, ошондой эле Чат, Кызыл-Көл, Чалдыбар, Абдраимов, Сыны, Коминтерн, Казарман айылдарында;

  • Ош облусу: Садырбай, Отуз-Адыр, Жаңы-Турмуш, Фуркат айылдарында жана Ош шаарында;

  • Нарын облусу: Нарын шаарында жана Кара-Суу, Чаек айылдарында;

  • Талас облусу: Талас шаарында.

«Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу жана 4G LTE түйүнүнүн камтуусун кеңейтүү дайыма компаниянын башкы артыкчылыктары болуп келген жана боло бермекчи. 2019-жылы биз өлкөнүн калкынын 95%ын 4G LTE түйүнү менен камсыздап, төртүнчү муундун түйүнүнүн камтуусу боюнча алгылыктуу прогресске жетиштик, мунун баары смартфондору бар абоненттердин О! түйүнүнө жеткиликтүү жана ылдам интернеттин провайдери катары тандоосуна түрткү берет», – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! – Кыргызстандагы 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидер. Кыргызстандын калкынын 95%ы О! операторунун 4G түйүнүнүн камтуусуна кирет.

О! түйүнүнүн камтуу картасын www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн көрүңүз. 


Тизмеге кайтуу