О! мобилдик оператору Барселонадагы Бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгрессте (Mobile World Congress 2016)

19.02.2016

Кыргызстандын мобилдик байланыш рыногундагы технологиялык баштап жүрүүчү – О! мобилдик оператору Бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгресске катышат, ал Барселонада (Испания) 22-нен 25-февралга чейин өтөт. Мындан тышкары, О! мобилдик оператору Кыргызстандан GeekDroid тематикалык порталынын авторлорунун MWC-га баруусун колдоого алып жатат.

Бул иш-чарага дүйнөлүк телекоммуникация рыногундагы ири оюнчулар, мобилдик түзүлүштөрдү жана жабдууларды өндүрүүчүлөр, ар түрдүү өлкөлөрдөн контенттин ээлери жана сатуучулары катышышат. 2016-жылдагы көргөзмөгө келүүчүлөрдүн жана катышуучулардын назарына мобилдик технология чөйрөсүндөгү эң акыркы инновациялар сунушталакчы. 

«MWC-ка катышуу тапщырыкчылар жана өндүрүүчүлөр менен жолугушууга, жаңы байланыштарды түзүүгө жана рыноктун абалы жана  анын катышуучулары жөнүндө эң акыркы кабарларды алууга мүмкүндүк берет. О! мобилдик оператору үчүн конгресс жакынкы жылдарда өнүгүү стратегиясына таасирин тийгизет, өз мүмкүндүктөрүбүздү калыс баалоого, жаңы продуктыларды рынокто атаандаштык түзө алгандай кылып чыгарууну  пландоого түрткү болот. Биздин абоненттер жана соцтармактардагы жазылуучулар бул иш-чарадан маалымат алып, тренддер жөнүндө билип, эң акыркы күтүлүп жаткан түзүлүштөр жөнүндө маалыматтарды ала алышат. Бизге Facebook-та жана Periscope-то кошулуңуздар!», - деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко билдирди.

Бул иш-чарадан түз алып берүүнү О!нун Facebook-тагы расмий барагынан жана Periscope каналынан көрүүгө болот.

Маалымат

Барселонадагы Бүткүл дүйнөлүк конгресс (Mobile World Congress) – мобилдик индустриянын дүйнөдөгү эң ири көргөзмөсү жана мобилдик байланыш операторлорунун жетекчилеринин, бүткүл дүйнө боюнча контенттин сатуучуларынын жана ээлеринин катышуусу менен өтө турган ири конгресс. Өткөн жылы ага дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнөн 93 миң адам катышкан.  Мурда GSM World Congress деп белгилүү болгон бул конгресстин алкагында дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөр жана операторлор байланыш технологиясы,  жабдуулар жана кызматтар чөйрөсүндө эң акыркы жетишкендиктерин демонтрациялашат. Бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгресс 1994-жылдан бери өткөрүлүп  келет. 


Тизмеге кайтуу