PLATINUM категориясынан эң кооз мобилдик номерлер -50% арзандатуу менен – жетишип калыңыздар!

04.09.2023

О! түйүнүнүн PLATINUM категориясына кирген эң кооз номерди 2 эсе арзан баа менен алып калганга жетишиңиздер!

О! Мобилдик операторунун премиалдык номерлерине -50% арзандатуу 2023-жылдын 5-сентябрына чейин (камтуу менен) уланат.

VIPNOMER.O.KG онлайн-аукционуна катышып, катталыңыздар жана бааларды коюңуздар.

Кийинки номерлерге онлайн-тоорук башталды:

  • 0501 700 007 – 50% арзандатуу менен блиц-баасы – 7 500 сом;

  • 0503 444 444 – 50% арзандатуу менен блиц-баасы – 75 000 сом;

  • 0504 400 004 – 50% арзандатуу менен блиц-баасы – 75 000 сом;

  • 0505 550 005 – 50% арзандатуу менен блиц-баасы – 15 000 сом;

  • 0507 300 300 – 50% арзандатуу менен блиц-баасы – 15 000 сом.

Мындан башка көптөгөн кооз номерлер VIPNOMER.O.KG сайтында.

Тоорукка кантип катышса болот?

Акцияны өткөрүүнүн эрежелери менен таанышып чыгып, тандаган номерди басканда чыга турган кыска номерге SMS жиберүү аркылуу конкреттүү лот боюнча тоорукка катталыңыздар.

Катышуу үчүн талап кылынган шарттар:

  • 18 жаштан жогорку курак;

  • О! мобилдик операторунун активдүү SIM-картасы;

  • Баланста 1000 сомдон кем эмес каражаттын болушу. Бул каражаттар тоорук аяктаганга чейин баланстан шертпул катары алынат (сумма аукциондун жеңүүчүсүнүн эсебинен гана алынат, башка катышуучуларга бул сумма тоорук аяктаган соң дароо балансына кайтарылат).

Онлайн-тоорук баштапкы коюм 1000 сом өлчөмүндө белгиленүү менен, бааны көтөрүүгө багытталган классикалык аукцион формасында өтөт.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Сиздер тоорук процессинде да, ал башталганга чейин да конкреттүү лотко шайкеш келген кыска номерге SMS жиберүү жана блиц-бааны көрсөтүү аркылуу номерди пайдалануу укугуна ээ боло аласыздар. Мындай учурда сиздер автоматтык түрдө тооруктун жеңүүчүсү аталасыздар.

Мындан тышкары, PLATINUM категориясына кирген номерлерди О!Store дүкөндөрүнүн биринен, же болбосо «Менин жаңы номерим» кызматынын алкагында өз алдынча сатып алууга болот.  

Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.


Тизмеге кайтуу