O!Store дүкөнүндө акция: Болгону 1 сомго бир айга акысыз байланыш жана телефон

15.03.2019

Джалал-Абад, Баткен, Талас жана Ыссык-Көл облустарынын бир катар калктуу пункттарынын тургундары үчүн Акция. Болгону 2 гана күн – 2019-жылдын 16-17-мартта!

Акция боюнча төмөнкүлөрдү алса болот:

  1. Акысыз SIM-карта;

  2. Толук бир айга акысыз байланыш жана чексиз мобилдик интернет белекке; Акысыз мөөнөт аяктаган соң, байланыш кызматтары түндүк аймактарда «Сенин нөлүң 30» жана түштүк аймактарда «Сенин нөлүң 30 Түштүк» тарифтеринин стандарттык шарттарында көрсөтүлөт.

  3. Болгону 1 сомго эки симкалуу Jinga телефону.

Кантип катышуу керек

  • Beeline же MegaCom коду менен өзүңүздүн номерден 0702 702 772 номерине чалыңыз жана тутумдун оң жообун күтүңүз.

  • Болгону 1 сомго телефонду алуу үчүн бир жолку төлөм аркылуу О! түйүнүндөгү номериңиздин балансын 500 же андан ашык суммага толуктаңыз жана “Сенин нөлүң 30” тарифин кошуп алыңыз. Акциянын алкагында толукталган акча каражаттарын байланыш кызматтарына гана колдонсо болот жана «О!Деньги» сервисинин алкагында пайдаланууга болбойт.

Акцияга катышуу менен, абонент  каалаган премиум номерин премиум номерлердин кадимки баасынан – 50% АРЗАНДАТУУ менен сатып алууга кошумча мүмкүнчүлүк алат!

О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда, өзүнүн ким экенин күбөлөндүргөн документин жанында алып жүрүү керек (паспорт, айдоочу күбөлүгү же аскердик билет).

Акция жүрүп жаткан O!Store дүкөндөрүнүн тизмеси:

Акысыз мөөнөт аяктаган соң, байланыш кызматы түндүк аймактарда «Сенин нөлүң 30» жана түштүк аймактарда «Сенин нөлүң 30 Түштүк» тарифтеринин стандарттык шарттарында көрсөтүлөт. 

Баткен облусу – бардык дүкөндөрдө;

Ысык-Көл облусу – Чолпон-Ата, Каракол, Балыкчы шаарларында, Бөкөнбаев, Бостери, Кызыл-Суу, Түп, Ананьев айылдарында;

Жалал-Абад облусу – Массы-Ноокен, Базар-Коргон айылдарында, Ала-Бука, Кара-Көл, Кербен, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Токтогул, Шамалдысай, Кочкор-Ата, Сузак шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад шаарында Ленин көч., 34 дарегиндеги  "Тиричилик үйүндө" жана Ленин көч., 40 дарегиндеги ЦУМда;

Талас облусу – Талас шаарында, ошондой эле Бакай-Ата, Кызыл-Адыр, Покровка айылдарында.

Акцияга Jinga Simple 2.4 телефондору киргизилген, товардын саны чектелүү. Телефондун техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу толук маалымат -ostore.kg сайтында. Телефондордун конкреттүү дүкөндөрдө бар экендигин 0705 007 000 телефону аркылуу тактап алса болот.


Тизмеге кайтуу