О! абоненттери үчүн тынымсыз байланыш номерлерине чалуулар АКЫСЫЗ

О! абоненттери үчүн тынымсыз байланыш номерлерине чалуулар АКЫСЫЗ

21.03.2020

Достор,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустук инфекция менен күрөшүү аракеттерин колдоо максатында, кандайдыр бир суроо же өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда коронавирус маселелери боюнча төмөнкү ТЫНЫМСЫЗ БАЙЛАНЫШ НОМЕРЛЕРИНЕ чала ала тургандыгыңызды маалымдайбыз.

О! абоненттери үчүн көрсөтүлгөн номерлерге чалуу АКЫСЫЗ.

  • Коронавирус маселелри боюнча тынымсыз байланыш номери: 118

  • КР ӨКМ тынымсыз байланыш номери: 112

  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдик штабы: 0(312)660663;

  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирус боюнча тынымсыз байланыш номери: 0(312)323202.

  • Жалал-Абад облусунун ӨК тынымсыз байланыш номери: 150

Азыр коронавирустук инфекция биздин өлкөдө, бүт дүйнөдө жашоону олуттуу түрдө өзгөртуп жатат. Тынчтыкты сактоо жана жеке коопсуздук менен алдын алуу эрежелерин аткаруу абдан маанилүү. Дүрбөлөңгө түшпөй, ушак-айыңдарга ишенбеңиздер. Расмий билдирүүлөргө ишениңиздер, COVID-19 таратуу маселелери боюнча расмий ишенимдүү булактардан ыкчам маалымат алыңыздар.

«COVID-19 боюнча КРнын штабы» расмий Telegram-каналга катталыңыздар: https://t.me/RshKRCOV

Сактык чараларын кармангыла, өзүңөрдү сактап, саламатта болгула!


Тизмеге кайтуу