Оштун тургуну лотереядан автоунаа утуп алды! Алдыда дагы бир унаа ойнотулат

12.05.2021

«Жазгы драйв» лотереясы эӊ кызуу чегинде! 144 катышуучу смартфон утуп алган болсо, 3-майда экинчи Hyundai Elantra 2021 автоунаасы ойнотулду.

Оштун тургуну Айгүл Сабырбекова жаӊы автоунаанын ээси болуп калды.

«Мага чалып айтышканда, ишенген жокмун. Утуп алам деп эч качан ойлогон эмесмин. Кубанычыма чек жок!», – деп эмоциялары менен бѳлүштү жеӊүүчү айым.

Айгүл «О!Деньги» капчыгын активдүү колдонот, жана лотерея башталгандан тартып 800 билет топтогон. Мына ошолордун ичинен бирѳѳ – бактылуу билет болуп чыга келген.

Утуп алган байгесин алуу үчүн жеӊүүчү борбор калаабызга жолдошу Космосбек Акунов менен келген. Ал да кубанычын койнуна батыра албай турган кези экен.

«Мындай нерсе жашоодо бир жолу болот. Бул биз үчүн ѳтѳ чоӊ кубаныч! О! компаниясына мындай ойнотууну уюштурганы үчүн абдан ыраазыбыз. Ошондой эле бул унааны утуп алган келинчегиме рахмат! Бардык катышуучуларга сѳзсүз жеӊишке ишенгиле деп айткым келет!», – дейт Космосбек.

«Бизди үйдѳ тѳрт уулубуз күтүп жатат, биз жаӊы унаа менен бара турганыбызды да билишет. Кубанычыбызды билдиргенге сѳз таппай турабыз. Силер да катышкыла жана уткула. Ар бир адам утушка ээ боло аларына ишендик!», – деп кошумчалады Айгүл.

pobeditel_elantra_small.png

Чынында эле, ар бир адам утушка ээ боло алат. Алдыда дагы смартфондор ойнотула турган үч жума бар. Лотерея 31-майда Hyundai Sonata 2021 автоунаасын ойнотуу менен аяктайт.

Катышуу үчүн билеттерди балансты 200 сомго же кѳбүрѳѳккѳ толуктоо, кызматтарды «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы аркылуу тѳлѳѳ, O!Store дүкѳндѳрүнѳн сатып алуулар жана башка кѳптѳгѳн аракеттер үчүн алууга болот.

Толугураак шарттар drive.o.kg сайтында.

Ойнотуунун расмий ѳнѳктѳшү – Hyundai Центр Кыргызстан.

04.03.2021-ж. №194 лотерея ойнотуу уруксаты. Ѳткѳрүү мезгили: 7.03.2021-ж. – 31.05.2021-ж.

Бардык смартфондор тастыкталган. «О!Деньги» сервиси кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу