КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! О!PEN AIR 2023 фестивалы 3-сентябрь, жекшемби күнгө жылдырылды
02.09.2023
Кымбаттуу достор!
O!PEN AIR 2023 фестивалы 24 саатка, 3-сентябрь, жекшемби күнгө жылдырылганын кабарлайбыз.
Иш-чаранын хэдлайнери – Paul Van Dyk'тын логистикасына байланыштуу күтүлбөгөн жагдай келип чыкты, – ушундан улам убактысын жылдырууга аргасыз болдук. Тилекке каршы, мындай жагдайлар болуп турат.
Фестивалды өткөрүү үчүн колубуздан келген бардык күч-аракеттерди жумшап жатабыз. Ар бириңиздерди жайдары маанай менен музыка майрамынан күтөбүз!
Капа болбой, эртең, саат 15:00гө PROMZONA.space чоң сахнасына келип калыңыздар.
Бирге көңүл ачып, бийлейли!