Megacom компаниясы тарабынан ортого чыккан көйгөйдөн улам Megacom номерлеринен О! түйүнүнүн жаңы 508, 509 номерлерине чалуулар ишке ашпай жатат

16.11.2018

Урматтуу абоненттер, 

О! Мобилдик оператору 2018-жылдын 15-ноябрынан тартып 508, 509 коддору менен жаңы номердик диапозонду коммерциялык эксплуатацияга киргизгендигин билдиребиз. 

О! Мобилдик оператору ("НУР Телеком" ЖЧК) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык формалдык процедуралар аткарылгандыгына карабастан, Megacom ("Альфа Телеком" ЖАК) Кыргыз Республикасынын "Электрондук жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесин жана бул Келишимдин жоболорун бузуп, өз абоненттеринин О! Мобилдик операторунун жаңы 508, 509 коддору менен номерлерине чалуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн тиешелүү чараларды көргөн жок. 

О! Мобилдик оператору бардык колдонуучулардан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Ошондой эле өз тарабынан байланыш тармагын жөнгө салуучуга арыз жөнөтүлгөндүгүн жана келип чыккан абалды тезирээк чечүүгө багытталган "Альфа Телеком" ЖАК тарабынан мыйзамдык нормаларды жана бул Келишимдин жоболорун бузууларын алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгын кабарлайт. 


Тизмеге кайтуу