Жаңы Samsung S9/S9+ флагмандарына Кыргызстандын O!Store дүкөндөрүндө алдын ала тапшырыктар башталды

06.03.2018

Galaxy S9 жана S9+ моделдеринин бет ачары Барселонада мобилдик технологиялардын ири эл аралык Mobile World Congress көргөзмөсүндө 25-февралда болгон.

О! Мобилдик операторунун командасы дагы Samsung компаниясы быйыл өз фанаттарын эмне менен кубантарын биринчилерден болуп билип келген. Түштүк Кореялык флагмандардын эксклюзивдүү видеосеребин бул шилтемеден көрүңүз.

Ал эми бүгүн, O!Store дүкөндөр тармагында жана интернет-дүкөндүн OSTORE.KG сайтында – жаңы Samsung Galaxy S9/S9+ флагмандардын алдын ала тапшырыгына старт берилди!

Samsung Galaxy S9/S9+смартфондору эң алдыңкы технологияларды өзүнө камтыган. Бул жаңылыктын дизайны, функционалы жана техникалык мазмуну майда-баратына чейин ойлонуштурулган. Смартфондун корпусу жылмакай жумуру линияларга ээ болгондуктан, бир кол менен колдонгонго да абдан ыңгайлуу. Ийилген чексиз экраны толугу менен сүңгүп кирүү эффектисине кепилдик берет. Флагман суудан жана чаңдан корголгон, ошондуктан жаанчыл күндөрдө да досторуңузга чалып, сүрөт тартып же кат жазыша бересиз.

Samsung Galaxy S9/S9+ кош камера менен жабдылган. Это и возможность замедленной съемки: записывай видео с невероятной скоростью: 960 кадров в секунду! Жай жана абдан жай кадрларды видеокатарга тизүү же бир учурду абдан жай кадр менен таасирдүү кылып белгилөө менен өз режиссерлук талантыңды да көрсөт. Ушул эле жерде видеону редакциялоого, роликтерге режиссура кылууга, GIF-анимацияларды түзүүгө болот.Мындан тышкары, Samsung Galaxy S9/S9+ смартфонунун камерасы котормочунун да милдетин аткарат, анын жардамы аркылуу айланаңызда курчап турган нерселердин баарын түшүнө аласыз. Реалдуу убакыт режиминде камеранын объективине тушүп калган бардык тилдеги бардык жазууларды окуй аласыз.

Сапаттуу графика, пайдалануучунун талаптарына тутумдун чагылгандай тез реакциясы, көп милдеттүү режим - мунун баарын Samsung Galaxy S9/S9+смартфондору аткара алат. Смартфондун жогорку өндүрүмдүүлүгү жана салмактуу иши кубаттуу процессору жана оперативдик эстутумунун көлөмүнүн көбөйүүсү аркылуу камсыздалган. Кошумча 400 ГБ эстутумга ээ болуу үчүн түзүлүшкө microSD картасын таксаңыз болот. Кошумча SIM-карта үчүн экинчи слот бар.

Samsung Galaxy S9/S9+ смартфондорунда ишке ашырылган интеллектуалдык далдаштыруу анын дароо блоктон чыгаруусун камсыздайт. Көздүн карек айланасындагы челинин сканерин жана жүз таануу тутумун бириктирүү аркылуу айлана-чөйрөдөгү абалга жана жарыктын деңгээлине жараша далдаштыруу ыкмасын смартфондун өзү тандай турган технологияны түзүүгө алып келди. Бардык маалыматтар Samsung Knox тутуму менен корголот.

Досторуңуз менен баарлашууңузду селфимоджи менен ар башка кылып алыңыз. Сиздин бардык сезимдериңизди берүүчү анимациялык копияңызды түзүңүз. Селфимоджи менен билдирүүлөрүңүз сиздин бардык аракеттериңизди жана мимикаларыңызды кайталайт, видеодо мультяшка копияңыз ырдайт, сиз эмнени кааласаңыз айтат жана жасайт.

Samsung Galaxy S9/S9+ смартфондоруна биздин сайттан же O!Store дүкөнүнөн алдын ала тапшырык кылганда, сиздерди белектер күтөт – фирмалык кап жана Samsung Convertible EP-PG950 зымсыз зарядкасы! Смартфонду зымсыз заряддагыч түзүлүшкө жайгаштыруу менен зымдардан кутулуңуз. Смартфонуңуз ыңгайлуу жана тез заряддалат.

Сиздерди O!Store дүкөндөр тармагында жана OSTORE.KG сайтында күтөбүз!

O!Store дукөндөрүнөн алдын ала тапшырык кылган кардарлардын жаңы Samsung смартфондору 16-мартта колдоруна тийет.

 


Тизмеге кайтуу