Мектеп окуучулары үчүн ТОП-2022 бюджеттүү смартфондору

09.08.2022

Сиз мектеп окуучусуна смартфонду качан белек кылса туура болоорун билесизби? Ооба, дароо азыр. Балаңыз окуу башталганча кененирээк ойноп алганга жетишиши керек да.

Кайсы гана класстын окуучусу болбосун, ага «укмуш сонун» жана акыркы үлгүдөгү флагманды сатып берүүнүн зарылдыгы жок. Окуучулар жоготуп, түшүрүп алышат, көп алагды болушат. Чындап керек нерсе – бышыктык, сыйымдуу аккумулятор жана базалык функциялардын болушу. Сиздерге 2022-жылдын бюджеттүү нарк категориясына кирген мыкты смартфондорду сунуштайбыз:

  • Xiaomi Redmi 9C – модель 2020-жылга таандык болсо да, учурда актуалдуулугун жогото элек. 13500 сомдук баасы менен бул смартфон чипсетинин өндүрүмдүүлүгү боюнча мыктылардын катарына кирет, ал эми үч камеранын комбинациясы фотосүрөттөрдүн жакшы сапатын камсыздай алат.

  • Samsung Galaxy A03 Core – негизги функциялар жеткиликтүү баада – болгону 8790 сом. Өндүрүмдүүлүгү негизги милдеттерди оңой аткарууга жөндөмдүү жана сиз заряддоочу түзүлүшкө туташтырганча жетиштүү убакытка ээ боло аласыз.

  • Tecno Spark 6 Go – ири дисплейлүү, өз сегменти үчүн күчтүү темирден бул смартфон болгону 9500 сом турат. Мындай девайстан окуу – өзүнчө эле ырахат!

  • Tecno POP 5 LTE – чоң экрандуу анча кымбат эмес смартфондун баасы - 9700 сом. Бул базалык түзүлүш эң зарыл функцияларды гана сунуштайт жана ашыкча эч нерсе жок. Смартфондун корпусу туруктуу жана колдон оңой менен тайгаланбайт,бул болсо жерге түшкөн учурда бузулуу коркунучун азайтат.

  • Infinix Smart 6 – түзүлүштү көп тандабаган колдонуучулар үчүн эң оптималдуу вариант -болгону 10900 сомго. Смартфон 6,6-дюймдук максималдуу жарык HD+ дисплей менен жабдылгандыктан, күн жаркырап тийип турганда көчөдө дагы жагымдуу визуалдуу кабылдоону камсыз кылат. SMART 6 түзүлүшүн бармак изи же жүз таанытуу жолу менен тез эле бөгөттөн чыгарууга болот.

Булардын ар бирин ostore.kg интернет-дүкөнүнөн эшигиңиздин алдына чейин акысыз жеткирип берүү менен тапшырык кылсаңыз болот (Бишкек шаарынын ичинде).

Каалаган смартфонду ostore.kg сайтынан сатып алган учурда сиздерди белектер күтөт!

  1. Смартфондун баасы 10 миң сомдон жогору болсо, пауэрбанк аласыз. Сатып алуунун суммасы 10 миң сомдон төмөн болсо, кулакчын берилет.

  2. О! түйүнүндө +20 ГИГАБАЙТ интернет. Смартфондордун баары пайызсыз жана ашыкча төлөмсүз бөлүп төлөө менен жеткиликтүү.

Смартфон алуу үчүн – O!Store’го.

Смартфондорго кредит жана бөлүп төлөө «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк себебин түшүндүрбөй туруп, кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КРУБ №037 лицензиясы.  


Тизмеге кайтуу