Эми «Мой О!» тиркемесинде банктык карталар менен төлөө комиссиясыз болуп калды!

27.02.2019

«Мой О!» мобилдик тиркемеси жакшыртылды жана колдонуучулар үчүн функционалдуу боло баштады. Тиркеменин жаңы версиясында банктык картаны капчыкка байлап алуу опциясы ыңгайлуураак, ал эми картаны колдонуу шарттары – пайдалуураак болуп калды. Эми DemirBank карталары менен «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөм жүргүзгөндө комиссия 0%! Ал эми башка банктардын Visa жана MasterCard карталары үчүн— 1,5%. 

Бул пайдалуу мүмкүнчүлүктү колдоно электер үчүн анын эмне үчүн керек экендигин айтып беребиз. 

Бул ыңгайлуу. Байланган банктык карта керектүү учурда электрондук капчыктын балансын дароо толуктоого же кызматты түз эле картанын эсебинен жеңил төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул жөнөкөй. Картаны бир нече кликтер менен эле кошууга болот: «Мой О!» тиркемесин ачыңыз, “Менин карталарым” вкладкасын тандаңыз, картанын маалыматтарын киргизиңиз жана аракетиңизди тастыктаңыз. Даяр!                                                           

Бул тез. Төлөө үчүн тиркемедеги каталогдон керектүү сервисти тандоо жана төлөмдү тастыктоо жетиштүү болот. Реквизиттерди киргизүүгө убакытты коротуунун кереги жок.

Бул коопсуз. Ар бир транзакция Visa жана MasterCard стандарттары боюнча ишенимдүү корголгон.

Жаңыланган «Мой О!» версиясын  App Store жана Google Play платформаларынан жүктөп алгыла: http://o.kg/l/myo

Тиркеме тууралуу:

 «Мой О!» — бул чыгымдары контролдоого, тарифти тандоого, гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыктарын карап турууга жардам бере турган, ошондой эле ыңгайлуу «О!Деньги» капчыгы аркылуу интернетке, коммуналдык кызматтарга, онлайн-оюндарга жана 300дөн ашуун сервистерге төлөм жүргүзө турган функциналдык мобилдик тиркеме болуп саналат.

«О!Деньги» кызматы ОсОО «Грин Телеком Сервис» тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу