Xiaomi смартфондору O!Store дүкөндөрүндө ашык төлөмсүз бөлүп төлөөгө

15.03.2019

Дүкөндөн чөнтөгүңүздө бир сом болбосо деле смартфон сатып алса болорун билдиңиз беле?

Анда биз кезеги менен айтып беребиз!

O!Store ири дүкөндөр тармагында кезектеги акция старт алды. Флагманы жана сатуулардын хиттери менен бирге оригиналдуу Xiaomi смартфондорунун бардык моделдеринин кеңири ассортиментин баштапкы төгүмсүз сатып алса болот. Буга кошумча, кийинки этаптардагы төлөм жүргүзүүлөр пайызсыз болгондугу да маанилүү. 

Пайыздык коюм

0%

Баштапкы тѳгүм

0%

Бѳлүп тѳлѳѳнүн мѳѳнѳтү

3 же 6 айга  

Смартфонду бѳлүп тѳлѳѳгѳ жолжоболоштуруу үчүн керектүү документтер:

  • Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);

  • 3 айга же андан ашык мөөнөткө Айлык акы тууралуу маалымкат (Эгер сиз жеке ишкер болсоңуз, 3 айга жарактуу патент көрсөтүү керек).

Азыркы учурда Xiaomi түрдүү баа сегменттериндеги смартфондордун кеңири ассортиментин өндүрүп жатат, андыктан, Mi 8 флагманы (айына бөлүп төлөөгө 2 561 сомго) болсун же 2019-жылдын февраль айында чыккан бюджеттик Redmi Go смартфону (айына бөлүп төлөөгө 560 сом) болсун, ар ким өзүнө ылайыктуу модель таба алат.

Жалпысынан, 20 моделден ашуун Xiaomi смартфондору www.ostore.kg сайтында жайгаштырылган, алар тууралуу кызыктуу видеосерептерди көрсө болот.

Акциянын мөөнөтү чектелүү: 2019-жылдын 15-мартынан 2019-жылдын 31-майына чейин. Акцияга O!Store дүкөндөр тармагында болгон бардык Xiaomi смартфондору киргизилген, товардын саны чектелүү.Бөлүп төлөө бардык O!Store кеңселеринде DOS CREDOBANK банкы менен өнөктөштүктө жолжоболоштурулат. Кененирээк маалыматты жана конкреттүү моделдин бар экендигин 0705 007 000 телефону аркылуу жана O!Store кеңселеринин кызматкерлеринен алса болот.


Тизмеге кайтуу