Бишкекте флагмандык O!Store дүкөнүнүн ачылышынын урматына аксессуарларга -20% АРЗАНДАТУУ

01.07.2020

Кардарларын ыңгайлуулугу үчүн Бишкектин борборунда дүйнөлүк Xiaomi, LG, Huawei, Honor, Samsung, Apple бренддеринин расмий өкүлдөрүнүн смартфондору менен аксессуарларын сатып алууга мүмкүн болгон O!Store тармагынын жаңы дүкөнү ачылды.

O!Store флагмандык дүкөнү күн сайын тыныгуусуз жана дем алышсыз саат 09:00дөн 19:00гө чейин Абдрахманов (мурунку Совет) көчөсү, 170/2 дарегинде ачык. 

-20% арзандатуу

Бишкек шаарындагы санак боюнча 20-филиалы өз ачылышын бардык аксессуарларга -20% арзандатуу менен белгилеп жатат. Булар таза добушу менен JBL легендарлуу колонкалары, ноутбуктар үчүн сонун рюкзактар же RivaCase бел баштыктары, кулакчындар, каптар, коргогуч айнектер, плёнкалар жана башка көптөгөн нерселер болушу мүмкүн. Акция 2020-жылдын 31-июлуна чейин (камтуу менен) улантылат.

Биз сиздерге кам көрөбүз

Урматтуу кардарлар, сиздерге аралыкты жана санитардык нормаларды сактоонун маанилүүлүгүн эсиңиздерге салабыз. Күн сайын O!Store дүкөнү Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдерге ылайык дезинфекциядан өткөрүлөт. Бардык кызматкерлер керектүү коргоо каражаттары менен камсыздалган, ал эми кардарларга колдорун спрей менен дезинфекция кылуу мүмкүнчүлүгү каралган. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын саламаттыгына кам көрүңүз!

Онлайн тапшырык кыл – белекке ээ бол!

Смартфондорду ostore.kg сайтынан онлайн тапшырык кылса болорун, ал эми буга кошумча жагымдуу БОНУСка +10 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетке ээ боло тургандыгын унутпаңыз. Каалаган смартфонду кредитке же бөлүп төлөөгө баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмдөрсүз онлайн жолжоболоштурса болот.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.


Тизмеге кайтуу