«О!Деньги» сервиси жылдын мыкты финтех-долбоору болуп таанылды

07.12.2021

Номинация Digital Ишкер форумдун алкагында ишкердик жана электрондук коммерция тармагындагы эксперттер тарабынан берилди.⠀

Форумдун уюштуруучулары белгилегендей, «О!Деньги» сервиси пандемия учурунда ишкерлер үчүн ишенимдүү финансылык шайман болуп калды. Ал Кыргызстандагы накталай эмес төлөмдү жаңы деңгээлге чыгарды жана бизнестеги санариптештирүүнү өнүктүрүүгө маанилүү таасирин тийгизди.

Белгилей кетсек, «О!Деньги» капчыгы 2 миллиондон ашуун жолу жүктөлгөн «Мой О!» мобилдик тиркемесине кошулган.

Кыргызстандыктар сервисти колдонуунун жөнөкөйлүгүн жана көп функционалдуулугун баалашты. Сервистин мүмкүнчүлүктөрү:

  • Коммуналдык кызматтарды, мобилдик байланышты, онлайн-оюндарды, айып пулдарды, патенттерди кошуу менен бирге 1 000ден ашуун сервисти төлөө.

  • Кафе, дүкөн, дарыкана, май куюучу бекеттерде онлайн төлөө.

  • Алты өлкөнүн банктарынын каачыктарына жана карталарына каражаттарды которуу.

  • Банктык карталарды комиссиясыз кошуу жана төлөө.

  • Кешбэктерди бонустар менен алуу, алар менен эсептерди жана сатып алууларды төлөө.   

  • Капчыктын каражаттарын O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан накталай акчага айландыруу.

Капчыктын колдонуучусу болуу оңой:

  1. Google Play же App Store платформаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз. 

  2. Тиркемеден дароо эле жөнөкөй онлайн-идентификациядан өтүңүз да, 10 ГБ белекке ээ болуңуз.

  3. «О!Деньги» капчыгын бүт өлкө боюнча жайгашкан 3 000 О! терминалынан комиссиясыз толуктаңыз же капчыкка картаны кошуп алыңыз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчалардын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КР УБ лицензиясы: №037.


Тизмеге кайтуу