О! мобилдик операторунун “Тоо падышасы” оюну менен өз эрудицияңызды текшериңиз

26.02.2018

О! мобилдик операторунун кызыктуу интеллектуалдык-көңүл ачуучу «Тоо падышасы» оюнуна катышыңыз. Оюнда катышуучуларга жоопторуна баллдар ыйгарылуучу жөнөкөй жана кызыктуу суроолорго жооп берүү менен өз эрудициясын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү сунушталат. Ал үчүн викторинага катышуу керек, О! мобилдик операторунун абоненттерине *4645# буйрутмасын терүү, же 4645 кыска номерине каалаган текст менен SMS жөнөтүү жетиштүү болот. 

Квест-викторинанын негизинде география, тарых, математика жана башка илимдер боюнча 5 миң суроо жатат.

Кызматтын пайдалануучуларынан тапкычтыгын, акыл тездигин жана тактикалык акылмандуулугун көрсөтүүлөрү талап кылынат.

Абонент катышуунун бир нече моделин тандай алат: суроолорго жооп берүү, тестирлөөдөн өтүү, же 10 тематиканын ичинен тандап алган предметин жөн гана изилдөө. Оюндун суроолору энциклопедиялык сөздүктөрдү, түрдүү илимий-публицистикалык басылмаларды пайдалануу менен түзүлгөн жана бардык курактагы адамдар үчүн ыңгайлаштырылган. 

Кызматка биринчи жолу кошулганда, абонентке кызмат 3 сутка бою акысыз көрсөтүлөт. Андан кийин абоненттик төлөмдүн баасы – бардык салыктарды эске алуу менен суткасына 3,13 сомду түзөт.

«Тоо падышасы» оюну жөнүндө кошумча маалыматты сайттан тапса болот.​


Тизмеге кайтуу