«О!Деньги» капчыгына дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан онлайн акча которууларды алыңыз

17.02.2022

Банкка баруунун кажети калган жок, анткени каражаттар 24/7 онлайн режиминде дароо эсепке киргизилет.

Алуучу үчүн комиссия 0%!

Contact аркылуу акча которууну кантип жөнөтсө болот?

  1. Акча которууну Contact тиркемесинен же каалаган тейлөө борборунан алуучунун наамына тариздеңиз.

  2. Акча которуунун кодун алыңыз.

  3. Алуучуга акча которуунун кодун жана суммасын билдириңиз.

Которулган акчаны алуу оңой:⠀

  1. «Мой О!» тиркемесин, «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.
  2. «Акча которуулар» → «Contact» тутумун тандаңыз.
  3. Которуунун кодун, суммасын жана валютасын көрсөтүңүз.
  4. Эсепке киргизүүнү ырастаңыз.
Акча которууну алуучунун аты менен капчыктын ээсинин аты дал келиши керек.

Алынган каражаттарды тиркемедеги кызматтарды төлөөгө коротсо же төмөнкү ыкмалардын бирин пайдаланып накталай акчага айландырып алса болот:

  • Банктык картанын жардамы менен;

  • Бүт өлкө боюнча жайгашкан 100 O!Store дүкөндөрүнүн биринен.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц.: №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу