Студенттер үчүн эң жакшы жумуш – Байланыш борбору

26.04.2024

Байланыш борбору көптөгөн ийгиликтүү менеджерлер менен жетекчилер үчүн карьерага киришүү чекитине айланууда. Бул жумуш кишилер менен баарлашууга жана тартипке үйрөтөт, тааныштардын чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Байланыш борборунда иштөөнүн ушул жана башка көптөгөн пайдалуу жактары жөнүндө бүгүнкү материалыбызда өлкөдөгү ири байланыш борборлорунун бири – О! Мобилдик операторунун Колдоо кызматынын мисалынан айтып беребиз.

Линиядагы операторлорду ар түрдүү маселелерди чечүү жагынан чыныгы чемпиондор деп атасак болот. Алар маалыматтын ири көлөмүнө ээ болуу менен, коммуникациянын ар кандай каналдарын башкарууга жөндөмдүү. Себеби, О! маалымат базасында «скрипттер» деп аталган жооптордун жүздөгөн сценарийлери бар.

Мурда операторлордун милдетине кирген жүктөмдүн бир бөлүгүн азыр «Мой О!» тиркемеси өзүнө алды. Бул жерден Байланыш борборуна кайрылуусуз эле баланска, кошулган тарифке жана кызматтарга байланыштуу кеңири жайылган суроолорго жооп табуу мүмкүнчүлүгү берилген.

О! Колдоо кызматы – бул өтө көп каналдуу Байланыш борбору, бул жакка чалып да, популярдуу мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу жазып да кайрылса болот. Күн сайын операторлор жалпы өлкө аймагынан 12 миңден ашуун кайрылууну кабыл алат, ал эми кайрылуулардын саны бир жылда 4,5 миллион өтүнмөдөн ашат.

О! Байланыш борборунда иштөөнүн артыкчылыктары

Коммуникация көндүмү азыркы жашоодо бардык адамдардын жашоосунун сапатына түздөн-түз таасир этет: башка кишилер менен түзгөн мамилеге, ийгиликке жана өсүп-өнүгүүгө, карьералык мүмкүнчүлүктөргө, жыргалчылыкка таасирин тийгизет. Байланыш борборунда иштеген балдар дал ушул жөндөмдүүлүктү өздөштүрө алышат. Себеби, абонентке берилген жооптон анын маанайы гана эмес, компаниядагы ийгилиги да көз каранды болот.

Карьераңызды О! Байланыш борборунан баштасаңыз, адамдар жана бизнес-процесстер менен иштөөдө мыкты тажрыйбага ээ болосуз. Ал эми мындай тажрыйбанын кийин жашоонун бардык чөйрөлөрүндө сөзсүз пайдасы тиет.

1. Эркин график, борбордо жайгашкан кеңсе жана акысыз мобилдик байланыш

Студенттер үчүн – бул шаардын борборундагы эң заманбап, кенен жана жайлуу кеңседе толук эмес жумуш күн иштөө мүмкүндүгү. Эгер сиз кечки нөөмөттү тандасаңыз, кызматкерлерди үйлөрүнө жеткирүү кызматы бар. Ал эми ар дайым байланышта болуш үчүн акысыз чексиз байланыш жана интернет менен камсыз болосуз.

КЦ 1.jpgКЦ 2.jpgКЦ 3.jpgКЦ 4.jpg

2. Жеңил старт

О! Кыргызстандын мобилдик рыногундагы лидердин командасы менен чогуу өсүп-өнүгүүнү каалагандарды өз командасына чакырат.

Эмне үчүн О! Мобилдик оператору

Иштей турган жерди туура тандоо — жашоодогу ийгиликтин ачкычы. Ийгиликке жетиш үчүн бир орунда турбастан, үзгүлтүксүз өнүгүүгө умтулган ийгиликтүү жана келечектүү компанияда эмгектениш керек.

Бүгүнкү күндө жаштарга активдүүлүк, бир эле учурда окуп билим алуу жана иштеп акча табуу ниети мүнөздүү. Мындай шартты О! Мобилдик оператору түзүп бере алат: сизде жакшы киреше табуу, окуу менен жумушту бир алып кетүү жана баалуу тажрыйбага ээ болуу мүмкүндүгү бар.  

Байланыш борборунда иштеш үчүн атайы билим талап кылынбайт. Тандоодогу башкы критерийлер: коммуникабелдүүлүк, ак ниеттүүлүк, ийкемдүүлүк жана кардарга багытталгандык, таза дикция жана сабаттуу сүйлөө жөндөмдүүлүгү, жазуу сабаттуулугу, окуп-үйрөнүү ниети жана аракети, жоопкерчилик, командада иштөө жөндөмдүүлүгү.

Биринчи жумуш күнү линияда өзүн ишенимдүү сезүүгө теориялык бөлүк менен тажрыйбалуу устаттын коштоосунда практиканы камтыган окуп-үйрөтүү тутуму жардам берет.

3. Жашоо үчүн керектүү көндүмдөр

Байланыш борборунда эмгектенүүдөн универсалдуу ийкемдүү көндүмдөр пайда болот. Ар кандай кырдаалдарда сабырдуулукту сактоо жана баарлашуу эрежелерин билүү - дайыма керек болгон касиеттер. Бул жерден стресске карата туруктуулук, каршы пикирлер менен иштөө ык-амалдары калыптанат. Ал эми адис байланыш борборунда иштей турган маалымат базасы өмүр бою кала турган жана жашоонун ар кыл өңүтүндө пайдасы тиет, мисалы, тарифтерди ажырата билүү, финансылык өнүмдөрдүн нюанстарын, заманбап телекоммуникациялык технологиялардын өзгөчөлүктөрүн билүү.

КЦ 5.jpg

4. Акысыз тренингдер

Компания өнүгүүгө шарт түзүп, ички жана тышкы акысыз тренингдерди өткөрүп турат. Буларга сүйлөө техникасы, чечендик искусствосу, сүйлөшүү стандарттары, сатуу техникалары боюнча семинарлар кирет. Өнүмдөр, тагыраагы Байланыш борборунун адистери күн сайын иштеген товарлар менен кызматтардын касиеттери жана артыкчылыктары боюнча тренингдер регулярдуу негизде өтүп турат.

КЦ 7.jpg

5. Жумуш - көңүлдүү!

Оператордун жумушу - бир гана мобилдик байланыш жөнүндө олуттуу баарлашуулар эмес. Анда абоненттер менен кызыктуу окуялар дагы байма-бай болуп турат. Кээ бир абоненттер терминологиядан адашып, гигабайтты «гектар», терминалды «терминатор», абонентти «абонемент» деп айтышкан учурлар кездешет.

О! Байланыш борборунда максатка карай умтулуу жана күндөн күнгө мыкты болуу ниети бириктирип турган жаңы досторду таба аласыз. Бул жерде ар биринин өзүнчө таланты бар активдүү, позитивдүү жана сабаттуу адистердин бүтүндөй бир жамааты өнүгүп келет. Ар кандай сынактар өткөрүлүп, катышуучулар фирмалык сувенирдик өнүмдөр менен сыйланып турат. Жакында эле «Элдердин достугу» фестивалы өтүп, балдар түрдүү улуттардын каада-салты жана ашканасы менен тааныштырышты. Мезгил-мезгили менен команда кино кечесин өткөрүү, мафия ойноо, квиз-викториналарга жана спорттук иш-чараларга катышуу үчүн чогулуп турат. Бул жерде жашоо абдан кызыктуу!

КЦ 9.pngКЦ 10.jpgToktonaliev (149 of 176)_resized.jpg

Бизге кошул!

team.o.kg сайтына өтүнмө калтырып, О! Байланыш борборунун супер командасына кошул.

***
Мобилдик байланыш боюнча суроолор менен o.kg сайтынан, FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарынан, ошондой эле WhatsApp: +996 705 700 700 же Telegram: @o_mobile_operator_bot мессенджерлери аркылуу онлайн кайрылсаңыз болот.


Тизмеге кайтуу