«Ардагерлер 365» кыймылына жардамды «О!Деньги» аркылуу которууга болот

27.04.2021

«Ардагерлер 365» коомдук кыймылы 20 жылдан бери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам берип келет. «Эсимде! Сыймыктанам!» акциясы «Дизель» форумунда жаралып, убакыттын ѳтүшү менен эӊ масштабдуу жана массалык иш-чарага айланды.

Активисттер согуштун ардагерлери менен эмгекчилери жѳнүндѳ маалыматтарды чогултуп, баатырлардын жеке базасын түзүшкѳн.  

Ыктыярчылар аларга бир гана 9-май майрамынын алдында эмес, жыл бою жардам берип турушат. Ар кандай жардам керек болот: даректик, ардагерлердин биринин үйүнѳ чакан оӊдоп-түзѳѳ, экинчисине майып араба же ходунок керек болушу мүмкүн. Мындан сырткары, телевизорго, дары-дармектерге, жыйнап-тазалоо иштерине ѳтүнмѳлѳр келип түшѳт.

Азыр, баатырларыбызды майрамы менен куттукташ үчүн 190 азык-түлүк салынган баштыкка каражат топтош керек. Ѳкүнүчтүүсү, быйылкы тизмеде ушунча эле фамилия бар.

«Ардагерлер 365» кыймылына «О!Деньги» электрондук капчыгы аркылуу «Мой О!» тиркемесиндеги «Кайрымдуу иштер» вкладкасынан жардам берүүгѳ болот.

365_veterans_1080x814_SMI_obshiy_kg.png 

Биз ардагерлерибиздин баяндары менен айткандары, үндѳрү бардыгыбыздын эсибизде кѳбүрѳѳк сакталып калсын деп, аларга барган учурларыбызды видеого тартып алууга аракет кылабыз. Ар бириӊиздердин бардык нерсени ѳз оозунан угуп, сезүүӊүздѳрдү каалайбыз. Ошондуктан акцияга кошулуп, аларга кубаныч тартуулоого чакырабыз! – дейт «Ардагерлер 365» коомдук кыймылынын жетекчиси Зинаида Аликулова.

60127907_866575697035204_8845155554616672256_n.jpg207712_w_h500_1619083528_r.jpg

Биз канча суммага эсептей турганыбызды алдын ала биле албайбыз. Бирок ардагерлерибизге алардын эӊ башкы майрамында эптеген белектерди кѳтѳрүп алып бара албайбыз да! Биз дайыма камкордугубуздагы адамдардан эмне жегиси келгенин сурап, баштыктардын ичине аларга жаккан азык-түлүктѳрдү салабыз. Ушул себептен улам, эгер мүмкүнчүлүгүӊүздѳр болсо, бизге азыртан финансылык жардам кѳрсѳтүүӊүздѳрдү ѳтүнѳбүз. Анткени, азык-түлүктѳрдү сатып алып, баштыктарга салыштыруу дагы убакыт талап кылат, – деп ѳтүнѳт акциянын теӊ уюштуруучусу, «Дизель–форумдун» активисти жана журналист Мария Орлова.

9-майда белектерди жеткирип берүү иш-чарасына сѳзсүз катышкыла. Балдарды да алып алгыла – балким мындан ары согуш жѳнүндѳ чыныгы баяндарды угууга аларда мүмкүнчүлүк болбой калат.

Кайрымдуу иштер жѳнүндѳ актуалдуу жаӊылыктар жана фотоотчёттор менен «Ардагерлер 365» фондунун Facebook социалдык тармагындагы баракчасынан тааныша аласыздар.

«О!Деньги» сервиси кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу