РОУМИНГДЕГИ ЖАҢЫ БАГЫТТАР АЧЫЛДЫ

21.05.2018

О! Мобилдик оператору өз абонент-роумерлери үчүн дүйнө жүзү боюнча жаңы багыттарды ачуу иштерин улантууда. Мунун жардамы менен алар өз номерлерин алмаштырбастан, жакындары менен байланышта болуп турушат.

Эми жеке абоненттер Исландиянын Nova түйүнүндө жана Египеттин Etisalat түйүнүндө добуштук роуминг кызматын пайдалана алышат.

О! түйүнүнүн корпоративдик абоненттери кийинки мамлекеттердин добуштук жана интернет-роуминг кызматтарынан пайдалана алышат: Мозамбиктин Movitel түйүнүндө, Танзаниянын Viettel түйүнүндө, Чыгыш Тимор республикасынын Viettel түйүнүндө, Перунун Viettel түйүнүндө. Мындан тышкары, О! корпоративдик абоненттери үчүн төмөнкү мамлекеттерде жакындан бери 4G ылдамдыктагы интернет-роуминг жеткиликтүү болуп калды: Польшанын P4 операторунун түйүнүндө, Германиянын Telefonica түйүнүндө, Өзбекстандын UMS түйүнүндө, Катардын Vodafone түйүнүндө.

Роуминг тарифтери менен www.o.kg расмий сайттын Роуминг бөлүмүнөн таанышса болот.

О! Мобилдик оператору – чек араларды сезбей каласың!

 


Тизмеге кайтуу