O!Store’до оригиналдуу Xiaomi смартфондору - ашык төлөмсүз жана бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен

15.01.2019

Азыр сатып алуу мүмкүн болуп турганда жаңы смартфонду сатып алууну кечеңдетүүнүн эмне кереги бар – анын үстүнө баштапкы төгүмсүз жана пайызсыз болгондугу абдан пайдалуу!

Кыргызстандагы Xiaomi компаниясынын расмий өнөктөшү – O!Store дүкөндөр тармагы бардык талаптар үчүн Xiaomi смартфондорунун 16 түрдүү моделин сунуштайт:

  • 6 айга чейин бөлүп төлөө менен сатып алса болот; 

  • Пайыздык коюм - 0%;

  • Баштапкы төгүм - 0 сом.

Акциянын бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Акциянын алкагында O!Store дүкөндөрүнөн оригиналдуу Xiaomi смартфондорун бөлүп төлөөгө пайдалуу сатып алса болот. Акция 2019-жылдын 31-январында аяктайт, ошондуктан азыр шашылуу керек!

Мисалга алсак, кубаттуу кеңири форматтуу Xiaomi Redmi 6A 16 ГБ смартфону сизге болгону айына 1265 сомдон айланат, башкача айтканда жарым жылдын ичинде күнүгө 42 сомго туура келет. Кооз жалтырак Xiaomi Mi 8 Lite 64 ГБ смартфондун баасы айына болгону 2998 сомду же күнүгө 100 сомду түзөт.

Эч кандай ашык төлөмдөрсүз, пайыздарсыз жана баштапкы төгүмдөрсүз!

Бөлүп төлөөнү жолжоболоштуруу үчүн болгону 2 документ керек:

  1. Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);

  2. 3 айга же андан ашык мөөнөткө Айлык акы тууралуу маалымкат (Эгер сиз жеке ишкер болсоңуз, 3 айга жарактуу патент көрсөтүү керек).

Бөлүп төлөө DOS CREDOBANK өнөктөш банкы менен Кыргызстан боюнча бардык O!Store кеңселеринде жолжоболоштурулат. 

Кененирээк маалыматты O!Store консультанттарынан, 0705 007 000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан алса болот.

Азыр ал  – кийин төлө.


Тизмеге кайтуу