Автосалыкты «О!Деньги» аркылуу үйдѳ отуруп, комиссиясыз тѳлѳӊүз

16.08.2021

Автоунаа ээлеринин ыӊгайлуулугу үчүн «Мой О!» мобилдик тиркемесинде автосалыкты тѳлѳѳдѳгү комиссия нѳлгѳ түшүрүлдү. Колдонуучулар «О!Деньги» капчыгы аркылуу транспорт салыгын оӊой эле эсептеп чыгып, дароо тѳлѳй алышат. Кызмат толугу менен акысыз кѳрсѳтүлѳт.

Накталай эмес тѳлѳм убакытты кыйла үнѳмдѳѳгѳ мүмкүндүк берет, анткени тѳлѳмдү үйдѳ ѳтуруп эле, бир нече мүнѳттүн ичинде ишке ашырууга болот.

Тѳлѳм боюнча маалымат дароо МСКна түшѳт, ал эми тѳлѳмдү дүмүрчѳктѳгү код менен МСК сайтынан текшерүү мүмкүн.

Автосалык кантип тѳлѳнѳт?

  1. «Мой О!»; тиркемесин орнотуӊуз;

  2. «О!Деньги» бѳлүмүн ачыӊыз;

  3. «Салыктар», андан соӊ «Транспорт салыгы» бѳлүмүн тандаӊыз;

  4. Маалыматтарды толтуруӊуз;

  5. Тѳлѳмдү ырастаӊыз.

Электрондук дүмүрчѳктү ѳз почтаӊызга же мессенджериӊизге жиберип, сактап койсоӊуз же кагазга чыгарып алсаӊыз болот.

«О!Деньги» аркылуу салыктардын башка категорияларын да тѳлѳѳ оӊой:

  • Кыймылсыз мүлк салыгы;

  • Жер салыгы;

  • Ыктыярдуу жана милдеттүү патент.

2021-жылы транспорттук каражат үчүн салыкты 1-сентябрга чейин, кыймылсыз мүлк жана жер салыгын – 2-сентябрга чейин тѳлѳѳ зарыл экенин эскерте кетмекчибиз.

Тиркеме жөнүндө

«Мой О!» тиркемеси бул – О! абонентинин жеке кабинетин + Saima жана «О!Деньги» капчыгын бириктирген санариптик экосистема.

+ Тиркеменин 2 000 000 дон ашуун орнотмолору бар жана маркетплейстерде туруктуу түрдө жогору бааланат.

+ Кардарлар үчүн номерди башкаруу, капчыктарга жана карталарга каражаттарды ылдам которуу жеткиликтүү.

+ Телефондун, электрондук капчыктын же байланган картанын балансынан 1000ден ашуун сервистерди аралыктан төлөө.

+ O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан – бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдарынан – «О!Деньги» капчыгындагы каражаттарды накталай акча түрүндө алуу мүмкүнчүлүгү.

+ Капчыктын балансын жакын жердеги терминалдык түйүндөн комиссиясыз толуктоо.

+ Google Play же App Store’дон жүктөп алыӊыз.                                  

«О!Деньги» сервиси ОсОО «Грин Телеком Сервис» тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц. №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лиц. №037.


Тизмеге кайтуу