«Компаньон банкынын» кызматтарын «О!Деньги» капчыгы аркылуу комиссиясыз тѳлѳ

12.08.2021

Банк кызматтарын колдонуу барган сайын жѳнѳкѳй, ыӊгайлуу жана пайдалуу болууда. Эми «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларында акысыз негизде «Компаньон банкынын» кредиттерин тѳлѳѳ, капчыгын толуктоо же карталарына каражат которуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.  

Мындан тышкары, банктын кызматтарын О! терминалдарынан тѳлѳѳдѳ комиссия азайды – болгону тѳлѳм суммасынын 0,5%ы.

kompanion_table copy.png

«О!Деньги» капчыгын да мобилдик банкинг же «Компаньон» капчыгы аркылуу комиссиясыз толуктоого болот.

Кызматтарды пайдалануу үчүн «Мой О!» тиркемесин орнотуп, жѳнѳкѳй онлайн-идентификациядан ѳтүү жана каталогдон керектүү сервисти табуу жетиштүү.

Тѳлѳм телефондун балансынан, капчыктан же кошулган банктык картадан ишке ашырылат.

Которулган каражаттар дароо түшѳт, ал эми электрондук чек тѳлѳмдѳрдүн тарыхчасында сакталып калат.

Эскерте кетчү нерсе, «О!Деньги» аркылуу үйдѳн чыкпай туруп эле 40 финансы мекемесинин кредиттерин тѳлѳѳгѳ жана алты ѳлкѳнүн капчыктары менен карталарын толуктоого болот.

Комиссиясыз жеткиликтүү болгон кызматтар:

  • «Кыргызстан коммерциялык банкынын» жана Mbank Online карталык эсептерин толуктоо.

  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК кредиттерин тѳлѳѳ, эсептик жана карталык эсептерин толуктоо.

  • «Дос-Кредобанк» ААК, «АБН» МФК, «Байлык Финанс» МКК, «БМКК», «Траст-Юнион», «Микро капитал», «Финансстандарт», Somo.kg кредиттерин тѳлѳѳ.

Тиркеме жөнүндө

«Мой О!» тиркемеси бул – О! абонентинин жеке кабинетин + Saima жана «О!Деньги» капчыгын бириктирген санариптик экосистема.

+ Тиркеменин 2 000 000 дон ашуун орнотмолору бар жана маркетплейстерде туруктуу түрдө жогору бааланат.

+ Кардарлар үчүн номерди башкаруу, капчыктарга жана карталарга каражаттарды ылдам которуу жеткиликтүү.

+ Телефондун, электрондук капчыктын же байланган картанын балансынан 1000ден ашуун сервистерди аралыктан төлөө.

+ O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан – бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдарынан – «О!Деньги» капчыгындагы каражаттарды накталай акча түрүндө алуу мүмкүнчүлүгү.

+ Капчыктын балансын жакын жердеги терминалдык түйүндөн комиссиясыз толуктоо.

+ Google Play же App Store’дон жүктөп алыӊыз.

«О!Деньги» сервиси ОсОО «Грин Телеком Сервис» тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц. №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лиц. №037.


Тизмеге кайтуу