О! Мобилдик оператору Оштогу телекоммуникациялык форумдун жыйынтыгын чыгарды

23.04.2019

Бүгүнкү күндѳ, дүйнѳ жүзү сыяктуу эле Кыргызстандын күн тартибинде дагы жалпы санариптештирүү маселеси турат. Бул иш-аракет экономиканын ѳнүгүү темпин ылдамдатуу, жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу, санариптик теӊсиздикти жоюу, ошондой эле калк, ишкердик жана мамлекттин ортосунда мамилелерди жѳнѳкѳйлѳштүрүү сыяктуу максаттарга багытталган.

Санариптик трансформация процессинде мобилдик операторлордун ролу абдан маанилүү. Алдыӊкы индустрия катары, телекоммуникация чѳйрѳсү кеӊ тилкелүү 4G мүмкүндүгү, мобилдик соода-сатык, мобилдик телевидение, Big Data, интернет буюмдар сыяктуу жаӊы технологияларды биринчилерден болуп киргизет. Бирок, мобилдик операторлордун эӊ негизги салымы – жогорку ылдамдыктагы мобилдик 4G-интернетке жалпы жетүү мүмкүндүгүн камсыздоосу.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков белгилеп кеткендей, «Санариптик Кыргызстан 2019 - 2023» санариптик трансформация концепциясына:

«...Маанилүү приоритет катары, санариптик трансформациянын негиздѳѳчү элементи боло алган санариптик факторлор эсептелет. Мындай факторлордун бири – эл аралык деӊгээлдеги инфратүзүмдүн курулушу. Биринчи иретте Кыргыз Республикасынын жалпы аймагында Интернетке кеӊ тилкелүү жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарыл...»

Интернеттин жалпыга жеткиликтүүлүгү калктын жашоо сапатын жакшыртууга кѳмѳкчү болуу менен бирге, аймактарда билим алуу, ишкердикти ѳнүктүрүү жана санариптик кызматтарды пайдалануу үчун ыӊгайлуу шарттарды түзүп берет.

Бүгүнкү күндѳ О! мобилдик оператору ѳлкѳ боюнча ЖАЛПЫ УЛУТТУК 4G ТҮЙҮНҮНҮН КАМТЫЛЫШЫН камсыздай алды. Мунун натыйжасында Кыргызстан жалгыз гана рыноктогу ѳнѳктѳштѳрү эмес, КМШ мамлекеттеринин арасында дагы лидерлик позицияга ээ болду.

Аябагандай чоӊ иш аткарылды – бүгүнкү күндѳ калктын жогорку ылдамдыктагы 4G-интернет менен камтылышы 94%ды түздү. Кыргызстандын 6 миллионго жакын жашоочусу О! операторунан инновациялык технологияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн алды.

О! мобилдик операторунун түйүндү ѳнүктүрүү багытындагы капиталдык инвестициялары 3 жылдын ичинде 65 миллион АКШ долларынан ашты. 

Британиялык Cable.co.uk изилдѳѳ компаниясынын берген маалыматына караганда, интернеттин баасы боюнча Кыргызстан дүйнѳ жүзүндѳ экинчи орунда (Индиядан кийин) жана КМШ мамлекеттиринин ичининен биринчи орунда турат. Кыргызстанда 1 ГБ мобилдик интернет үчүн акы болгону 0,27 долларды түзѳт. Салыштыруу үчүн: Казакстанда – 1 ГБ үчүн 0,49 доллар, Ѳзбекстанда – 1 ГБ үчүн 3,27 доллар.

Мобилдик кеӊ тилкелүү интернеттин ѳлкѳ боюнча камтылуусу менен анын жеткиликтүүлүгү Кыргызстандын мобилдик операторлорунун инновациялык экотутумду масштабдуу жайылтуу жана «Санариптик Кыргызстан» улуттук программасын жүзѳгѳ ашыруу үчүн база боло алат дегенди билдирет.

Санариптештирүүнү ийгиликтүү ишке ашыруу жаатында мамлекеттин колдоосу

Ѳткѳрүлгѳн Форумдун алкагында байланыш тармагын ѳнүктүрүүнүн учурдагы перспективалары, телекоммуникация секторуна мамлекеттик колдоо кѳрсѳтүү чаралары боюнча маселелер талкууга алынды. Санариптештирүү процессинин негиз салуучу пайдубалы катары мобилдик операторлор тез темп менен ѳз түйүндѳрүн ѳнүктүрүүнү жана 5G жайылтууга даярдыктарды кѳрүүнү, ошондой эле электрондук соода-сатык инновациялык кызматтарын ѳркүндѳтүүнү улантуулары керек.

Бул милдеттерди аткаруу үчүн тѳмѳнкүлѳрдүн ишке ашырылышы зарыл:

  • ыӊгайлуу шарттарды түзүү жана ченемдик-укуктук базага ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү

  • мобилдик накталай эмес тѳлѳмдѳрдү, анын ичинде электрондук капчыктарды колдонууга демилге берүүчү механизмдерди жайылтуу

  • мобилдик операторлордун байланыш объектилерин шаардык жана айылдык инфратүзүмдүн негизги бѳлүгү катары кароо

  • уруксат кагаздарын алууну тездетүү

«Мой О!» – мобилдик экотутум

О! мобилдик оператору 2017-жылы биринчилерден болуп «О! Деньги» электрондук капчыгын киргизген. Учурда ал «Мой О!» абоненттери үчүн мобилдик кызматтардын бирдиктүү экотутумуна кирет.

«Мой О!» мобилдик тиркемеси – бул бир эле учурда электрондук капчык да, жеке кабинет да, О!Store интернет-дүкѳнү да болуп эсептелет. «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары үйдѳн чыкпай туруп тѳмѳнкү иш-аракеттерди аткара алат:

  • мобилдик телефондун балансын толуктоо

  • «О!Деньги» капчыгы аркылуу накталай эмес тѳлѳмдѳрдү ишке ашыруу

  • «Коопсуз шаар» тутумунда айып пулдарды тѳлѳѳ

  • коммуналдык кызматтар кошулуп, 300дѳн ашык кызматтарды тѳлѳѳ

  • жеке кызматтары менен тарифтерин башкаруу

  • O!Store интернет-дүкѳнүнѳн сатып алууларды ишке ашыруу

  • банктык карталарды кошуу жана колдонуу

Мобилдик капчыктардын ичинен «О!Деньги» биринчи болуп Элкарт улуттук тѳлѳѳ тутуму менен интеграцияланган. Бул болсо, ѳлкѳнүн бардык аймактарында накталай эмес тѳлѳмдѳрдү ѳнүктүрүүгѳ түрткү берет.

О! операторунун абоненттерди алыстан санариптик персонификациялоо боюнча пилоттук долбоору

Мини-эксподо О! мобилдик оператору форумдун катышуучуларына кагаз процедураларын талап кылбай турган абоненттерди санариптик персонификациялоо боюнча жаӊы долбоорду сунуш кылды. Бул - ѳз алдынча же болбосо оператордун соода ѳкүлүнүн жардамы менен персонификациядан ѳтүп, SIM-картаны каттоо үчүн ыӊгайлуу интерфейси бар мобилдик тиркеме.

Жалпы процесс болгону эки мүнѳт алат:

  1. Тиркемеде SIM-картадагы телефон номери жазылат, ал эми тутум анын бош же бош эмес экендигин текшерет.

  2. Тиркемеде паспорттун (ID) эки тарабы, паспорту менен абонент жана SIM-картанын ѳзү   сүрѳткѳ тартылат.

  3. Тутум автоматтык түрдѳ абоненттин келбетин паспорттогу сүрѳт менен салыштырып текшерет.

Тиркемедеги бардык маалымат оператордун маалымат базасында сакталып калат.

Аталган долбоор ишке киргизилсе, мобилдик абоненттердин санариптик персонификациясын бардык санариптик кызматтарга, анын ичинде мамлекеттик кызматтар менен ТҮНДҮК тутумунун порталына кирүү мүмкүндүгү үчүн колдонууга болот.

О! – абоненттери, кирешеси жана ѳлкѳ калкын 4G менен камтуусу боюнча Кыргызстандын №1 мобилдик оператору.

«НУР Телеком» ири салык тѳлѳѳчүлѳрдүн ТОП-10 ичине кирет.

2018-жылы О! оператору тарабынан салык жана мамлекеттик бюджеттин эсебине тѳлѳмдѳр түрүндѳ 1,5 млрд сомдон ашык сумма тѳлѳнгѳн.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Тизмеге кайтуу