О! – 4G түйүнүнүн сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери

13.11.2018

Беш жыл мурун эксперттердин божомолдору бара-бара ишке аша баштады жана бүгүн дүйнөлүк мобилдик трафиктин өсүү темптери жергиликтүү түйүндөрдүн дүйнөлүк трафигинин темптеринен эки эсе, жадагалса үч эсе жогорку көрсөткүчтөргө ээ. 

Берилген эксперттик маалыматтарга ылайык, мобилдик интернеттин трафиги бизде Кыргызстанда экспоненциалдык өсүүсүн башынан өткөрүп жатат, ал эми өлкөдөгү 4G сыйымдуулугу жана камтуусу боюнча лидерлик позицияны 2014-жылдын май айында бул технологияны алгачкы болуп киргизген О! мобилдик оператору кармап келет. 

Акыркы жылдардагы мобилдик интернет-аудиториянын тез өсүүсүнүн негизги факторлору болуп негизинен 4G/LTE түйүндөрдүн камтуусу жана сыйымдуулугунун кеңейиши, смартфондордун үлүшүнүн өсүшү жана мобилдик интернеттин жеткиликтүү тарифтери саналат. О! операторунун маалыматтарына ылайык, 2017-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин алардын түйүнүндө мобилдик интернетти колдонуучулардын саны 2 эсе өсүп, оператордун жалпы абоненттик базасынын 75%ын түзүүгө жетишти.

О! операторунун бардык маалыматтарды берүү кызматтары 5,8 миллиондон ашуун кыргызстандыктарга жеткиликтүү, мобилдик интернет менен эки миңден ашуун киши жашаган бардык калктуу пункттар камсыздалган жана 4G/3G түйүнү өнүгө баштады.

Оператор LTE түйүндөрү азыркы учурдагы интернеттин трафигинин өсүүсүнүн жана ылдамдыгынын, абоненттерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуунун драйвери экендигин түшүнүү менен төртүнчү муундун түйүндөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүлүн бурууда.

Үч жылдын ичинде О! түйүнүнүн 4G-камтуусу 13,5дан 74,5%! пайызга чейин өстү.

4G түйүнүнүн тез өнүгүүсүн эске алуу менен өлкөнүн тургундарынын көпчүлүгү операторду интернет-провайдер катары элестетишет жана тандашат. Бул түйүнгө смартфондордун, айрыкча 4G/LTE колдоосу менен смартфондордун кирүүсүнүн дүркүрөгөн өсүүсүн да аныктайт.

2018-жылдын октябрь айына карата алынган маалыматтарга ылайык, О! түйүнүнө кирген смартфондор 73%дан ашкан. Мында оператордун түйүнүндөгү бир абоненттин керектөөсү дүйнөлүк орточо маанилерден бир кыйла жогору болгон. We Are Social аналитикалык агенттигинин маалыматтарына таянсак, смартфондун колдонуучусу айына орточо 2,9 Гбайт интернет керектейт.

Жалпысынан, оператордун түйүнүндөгү мобилдик интернетти керектөө менен анын көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 6 эсеге өскөн. Элестетсеңиз – 2018-жылдын үчүнчү кварталында О! мобилдик түйүнү аркылуу колдонулган трафиктин көлөмү 48,5 миллион гигабайтты түзгөн!

Мындай секирик салымдарсыз мүмкүн болбойт эле, ал эми салымдар абдан көлөмдүү. 2016-жылдан тартып азыркы учурга чейинки чоң түйүндү куруу жана байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн тартылган инвестициялардын суммасы 55 миллиард долларды түзгөн.

Пайыздар боюнча алганда, 4G/LTE түйүнүнүн сыйымдуулугунун жыл сайын өсүү темпи 100%га чукулдайт, башкача айтканда, акыркы эки жылда түйүндүн сыйымдуулугу 4 эсеге, ал эми 2016-жылдын башы менен салыштырсак – анда 5,7 эсеге өстү! Белгилей кетчү нерсе, түйүндүн сыйымдуулугу – оператордук түйүндүн негизги параметрлеринин бири болуп саналат. Ал белгилүү кызматтарды көрсөтүү боюнча техникалык мүмкүнчүлүктү мүнөздөйт: сыйымдуулук канчалык жогору болсо – бир мезгилде ошончолук көп сандагы абонентти тейлөө мүмкүн.

Акыркы эки жылдын ичинде жаңы форматтагы O!Store дүкөндөрүнө айланган оператордун тейлөө кеңселери жөнүндө эки ооз сөз айтпасак болбойт. Кадамдык жеткиликтүүлүктүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен компания мындай кеңселердин кеңири түйүнүн бүт республика боюнча түздү жана өнүктүрүүдө. Кадамжай, Исфана, Кызыл-Адыр, Чаек, Ат-Башы, Кербен, Сузак… баарын атап бүтө албайсың, өлкөнүн эң алыскы булуң-бурчтарынан бери камтыган жалпы 85 заманбап кенселерге ээ. Мунун баарын жыйынтыктаганда Кыргызстандын санариптешүү жолунда абдан маанилүү көрсөткүч болуп саналат. 

Компаниянын өсүү жана өнүгүү маалыматтары менен бирге, мамлекеттик бюджетти калыптандырууда кошкон маанилүү салымы жана салык мыйзамын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн бир нече жолу “Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү” наамына татыктуу болгон О! Мобилдик Оператору – мамлекеттин стратегиялык өнөктөшү экендигине да көңүл буруу зарыл. Ошентип, оператордун рынокто ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан толук эмес 10 жылдын ичинде өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторуна 136 миллион доллардан ашуун инвестиция алып келди.

Корутундулай турган болсок, мунун баары О! операторун өзүнүн оператору деп тандаган миллиондогон кыргызстандыктардын ишениминин негизинде ишке ашты!


Тизмеге кайтуу