O!Store: LG V30+ смартфонун сатып алыңыз жана LG Q6a смартфонун белекке алыңыз!

22.02.2018

O!Store дүкөндөр тармагынан уникалдуу сунуш! LG V30+ супер флагманын сатып алганда сиз экинчи LG Q6a смартфонун белекке аласыз. Баары жөнөкөй: бир смартфонго төлөйсүң, ал эми экинчисин толугу менен акысыз белекке аласың.

Кореялык LG V30+ флагманы жана анын кичүү “иниси” Q6a смартфону талапты жогору койгондорду да ыраазы кылат.

LG V30+ – бетиндеги панелди толугу менен жапкан 6 дюймдук FullVision экраны менен жабдылган стилдүү смартфон. Дисплейи OLED технологиясы менен жасалган – бул ачык түстүүлүктү жана контрасттуулукту камсыз кылат, сүрөттөрдү максималдуу так жана турмуштагыдай тарткандыктан, оюндарды ойноодон жана кинолорду көрүүдөн ырахат аласыз. Негизги камера жарыктын таралышын минималдаштырган 16 мегапикселдик модулдан жана кеңири бурчтуу объективдүү 12 мегапикселдик модулдан турат. Буга байланыштуу, күн бүркөө кезде, күүгүмдө же караңгыда да тарта аласыз, ал гана эмес мыкты панорамалык сүрөттөрдү тартуу жана ар түрдүү чыгармачыл эффектилерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болосуз. Cмартфон суудан да, чаңдан да коркпойт. Мындан тышкары, аппаратты колдонуу үчүн шартбелги киргизүүнүн, бармактын изин сканирлөөнүн кажети жок. Сиздин колуңузда тез жана так иштеген – “Жүзүнөн таануу” функциясы жана добушту аныктоо технологиясы бар. Смартфондун мүнөздөмөлөрү тууралуу кененирээк маалыматты биздин видеосерептен көрө аласыздар.

LG Q6a – ишенимдүү алюминий чеги менен бюджеттик категориядагы эң чексиз смартфон. LG Q6a смартфонун бир кол менен пайдаланганга абдан оңой. Анын nanoSIM форматындагы SIM-карталар үчүн эки слоту бар, бүгүнкү күнү сейрек кездешүүчү microSD эстутум картасы үчүн башка слот да каралган. Камералары: 5 Мп кеңири форматтуу маңдайкы камера жана негизги модулу сапаттуу сүрөттөрдү тартууну камсыз кылуучу (вспышкасы жана автофокусу менен) 13 Мп камера.

O!Store дукөндөрүндө 128 ГБ эстутуму менен LG V30+ смартфонунун баасы 55 990 сом турат, мында кардарга өзүнчө 15 990 сомго сатылып жаткан LG Q6a смартфону белекке берилет.

Эске салсак, O!Store дүкөндөрүндө мобилдик түзүлүштөрдү 12 айга жолжоболоштуруу менен насыяга сатып алса болот. O!Store дүкөндөрүнөн LG смартфондорун сатып алганда расмий дистрибьютордун 1 жылдык кепилдик тейлөөсүнө ээ болосуз!

Атайын акция боюнча LG V30+ смартфону ostore.kg интернет-дүкөнүндө да жеткиликтүү. Сайттан же 0 705 007 000 телефону (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) аркылуу тапшырык кылуу жетиштүү жана буюмуңузду кыска мөөнөттүн ичинде жеткирип беришет.

Акция 2018-жылдын 22-февралынан 31-мартына чейин узартылат.

Шашылыңыз, сунуш чектелүү!

Сизге смартфон керек – Сизге O!Store керек.


Тизмеге кайтуу