O!Store менен Honor кулакчындардан смартфондорго чейин белектерин таратышууда!

O!Store менен Honor кулакчындардан смартфондорго чейин белектерин таратышууда!

26.02.2020

Жаз майрамдары чукулдап калгандыктан, O!Store дүкөндөр тармагы Honor компаниясы менен биргеликте кардарларын кайрадан баалуу акциясы менен кубантышат.

2020-жылдын 17-февралынан 17-мартына чейинки мөөнөттө гана Honor смартфонунун каалаган моделин сатып алган учурда O!Store дүкөндөрүнүн бардык кардарларын кепилденген белектер күтөт. Алардын ичине төмөнкүлөр кирет:

  • Honor 7СHonor 7A ProHonor 10 смартфондору;

  • Hoco кулакчындары;

  • Honor USB-кол чырактары;

  • Тышкы аккумуляторлор (power bank);

  • Фирмалык чемодандар.

Honor смартфонун сатып алган учурда сизе белек топтомунун аты жашырылган бактылуу купонду тартып чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Акция жүрүп жаткан Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы O!Store филиалдарынын тизмеги интернет-дүкөндүн ostore.kg сайтында жеткиликтүү.

Акцияга киргизилген бардык Honor смартфондорун баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмдөрсүз кредитке да сатып алууга болот. Акция тууралуу толук маалыматты 0 705 007 000 телефонунда жеткиликтүү.

Смартфондордун жана белектердин саны чектелүү. Товар тастыкталган. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос Кредобанк» КРУБ лицензиясы: №037.


Тизмеге кайтуу