"О!Деньги": Lalafo-до товарларыңды жылдыруу үчүн 10% кэшбэк ал!

29.05.2018

«О!Деньги» электрондук капчыктан пайдалуу сунуш - кулактандырууларды жайгаштыруучу Lalafo тиркемесинде кызматтарды төлөгөндө 10% кэшбек алыңыздар.

Бул кантип иштейт?

Мисалы, сиз унааңызды сатуу үчүн кулактандырууңузду жайгаштырдыңыз жана сиздин гана кулактандыруу популярдуу болушун жана аны көбүрөөк кызыкдар адамдардын көрүшүн каалайсыз. Анда сиз кулактандырууну жылдыруу, VIP кызматын сатып алуу жана кулактандырууну башка түскө боёо сыяктуу биздин опциялардан пайдаланышыңыз керек.

«О!Деньги» тиркемеси аркылуу бул кызматтарды төлөгөн учурда сиз 10% кэшбек аласыз, башкача айтканда каражаттарыңыздын бир бөлүгүн кайтарып аласыз. Элестетип көрүңүз, сиз VIP кызматын сатып алуу үчүн 2000 сом төлөдүңүз, анын 200 сому кайра сиздин электрондук капчыгыңызга түшөт. Ал каражатты «О!Деньги» тиркемеси аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө өзүңүз каалагандай сарптай аласыз. Эгер сиз кулактандырууларды тез-тез берип турсаңыз, бул абдан эле пайдалуу. Бир жылдын ичинде эле канча үнөмдөрүңүздү эсептеп көрүңүзчү! Демек, О! абоненти жана «О!Деньги» тиркемесинин колдонуучусу болуу – биринчиден - ыңгайлуу, экинчиден – пайдалуу экен да!

Жагымдуу бонус - акысыз интернет-трафик

О! түйүнүнүн 400 миңден ашуун абоненти да ичине кирген Lalafo сервисинин колдонуучуларынын көбүрөөк ынгайлуулугу үчүн О! Мобилдик оператору интернет-трафикти нөлгө түшүрдү. Эми О! түйүнүнүн бардык абоненттери акысыз кулактандыруулардын сервисинен оң балансы болгон чурда АКЫСЫЗ пайдалана алышат. Бул О! түйүнүнүн абоненттеринин интернет-трафик жөнүндө ойлонбостон, кулактандыруу түзүп, тиркеменин чатында баарлашып жана буюмдарын тез сата ала тургандыктарын билдирет.

О! Мобилдик оператору кардарларына түйүндүн кызматтарынан пайдалануу ыңгайлуу жана жайлуу болушу үчүн колунан келген бардык нерселерди жасайт. О!го которулуунун жана чыныгы өзгөрүүлөрдү сезүүнүн эң туура мезгили.


Тизмеге кайтуу