«О!Деньги» QR боюнча ар бир төлөмдөн 1%дан 11%га чейин кешбэк берет!

21.12.2022

Жаңы жылдын алдында «О!Деньги» пайдалуу акция баштап, QR-код боюнча ар бир төлөмдөн белекке кешбэк берет!

Бул кандайча ишке ашат?

Эми «О!Деньги» колдонуучуларына капчык аркылуу QR-код боюнча төлөгөн учурда 1%дан 11%га чейин кешбэк кошулат!

Кешбэкти «О!Деньги» аркылуу QR-төлөмдөрдү кабыл алган бардык жайлардан алууга болот – ал эми мындай жайлардын саны Кыргызстан боюнча 2500дөн ашты! Булар - кофейнялар, дүкөндөр, дарыканалар, МКСлар, ал тургай тоо-лыжа базалары.

Топтолгон кешбэкти болсо бонустук программанын өнөктөштөрүнөн сарптай аласыз – учурда алардын саны 30га чукулдады жана бул тизме активдүү кеңейүүдө.

QR боюнча эмнеге жана кантип төлөсө болот?

QR боюнча төлөө – бул төлөмдөрдү түз эле смартфондон ишке ашырууга мүмкүндүк берген технологиялуу жана ыңгайлуу чечим. Мындай аракет убакытты кыйла үнөмдөп, жаныңызда карта же накталай акча алып жүрүү зарылдыгынан арылтат. Ошондой эле, бизге төлөмдүн бул жолу пайдалуу экендиги да маалым болду!

QR-төлөмдөрдү ишке ашыруу оңой эле:

  1. Шилтемеден «Мой О!» тиркемесин орнотуп, жөнөкөй онлайн-идентификациядан өтүңүз.

  2. О! терминалдарынын биринен «О!Деньги» капчыгын комиссиясыз толуктаңыз же төлөө үчүн картаңызды кошуп коюңуз.

  3. QR-кодду сканерлеп, сумманы көрсөтүңүз да, телефондун балансынан, капчыктан же картадан төлөңүз.

  4. QR боюнча ар бир төлөмдөн пайдалуу кешбэкке ээ болуңуз!

Толук маалымат dengi.kg сайтында.

Төлөм интернет-булактардан аткарылган учурда кешбэк берилбейт. КРда акция 15.12.2022-жылдан 31.05.2023-жылга чейин өтөт. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу