Xiaomi маркасынын 2019-жылы өндүрүлгөн жаңы смартфондору O!Store дүкөндөрүндө ашык төлөмдөрсүз бөлүп төлөөгө!

27.03.2019

O!Store дүкөндөр тармагына бардык элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Xiaomi смартфондорунун жаңы өнүмдөрү келип түштү, алардын артыкчылыктарына кошумча катары баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмдөрсүз бөлүп төлөөгө сатып алуу мүмкүнчүлүгү кошулду*.

Быйылкы жылдын башында Xiaomi тарабынан сунушталган эң жаңы, акыркы моделдери сатыкка чыгарылды!

  • Mi 9 – оригиналдуу дизайны, үч мыкты негизги камерасы, өтө тез зымсыз зарядкасынын колдоосу менен жаңы флагман... бул смартфондун артыкчылыгын санап бүтө албайсың. Эң жакшысы – аны бир эле көрүү керек! Быйылкы жылдын Android операциондук тутумундагы кубаттуу смартфондорунун бири 6660 сомдон баштап бөлүп төлөөгө жеткиликтүү;

  • Redmi Note 7 тууралуу бир эле сап жазса жарашат: ал сонун, алуу керек! Смартфон заманбап дизайнга, мыкты өзгөчөлүктөргө жана Xiaomi смартфондору үчүн 48 мегапикселдүү камерага ээ болгон. 2825 сомдон баштап бөлүп төлөөгө жеткиликтүү;

  • Xiaomi Redmi 7. Жупуну баасына карабастан, бул түзүлүш кызыктуу техникалык өзгөчөлүктөргө ээ, анын ичинде ным өткөрбөгөндүгү өзгөчө орунда турат. Ошондой эле бул смартфон чоң дисплейи жана энергия сыйымдуу аккумулятору менен мактана алат. 1925 сомдон баштап бөлүп төлөөгө жеткиликтүү.

Xiaomi смартфондорунун 20дан ашуун моделин www.ostore.kg сайтынан тандап алса болот, ошол эле жерде видеосерептерди көрүп, смартфондордун толук өзгөчөлүктөрү менен таанышса болот.

Смартфонду бѳлүп тѳлѳѳгѳ жолжоболоштуруу үчүн Сизге керек боло турган документтер:

  1. Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);

  2. 3 айга же андан ашык мөөнөткө Айлык акы тууралуу маалымкат (Эгер сиз жеке ишкер болсоңуз, 3 айга жарактуу патент көрсөтүү керек).

Кененирээк маалыматты жана конкреттүү моделдин бар экендигин 0705 007 000 телефону, интернет-дүкөнүнүн ostore.kg сайтынан жана O!Store дүкөндөрүнөн алса болот. Жеткирүүнү жолжоболоштурганда жагымдуу белек – О! түйүнүндөгү 10 ГБ максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернетке ээ болосуз (Бишкек шаарынын чегинде жеткирүү акысыз).

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

*Акция 2019-жылдын 15-мартынан баштап 31-майына чейин насыяны жолжоболоштурганда жүрөт. Акцияга бардык Xiaomi смартфондору киргизилген. Акциянын шарттары: баштапкы төгүм 0%, пайыздык коюм 0%, насыя мөөнөтү 3 же 6 ай, насыянын босоголук суммасы – 70 000 сом, 1 жеке адамга смартфондордун саны - 3 даанадан ашык эмес, «Переходи на О!» тарифтеринин топтомуна 50% арзандатуу берилбейт. Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ. Товардын саны чектелүү. Товар тастыкталган. Баалары сом менен көрсөтүлгөн жана 2019-жылдын 27-мартына карата жарактуу. Толук маалымат ostore.kg сайтында. «Дос Кредобанк» КРУБ лицензиясы: №037.


Тизмеге кайтуу